1. Бул жашоо сыноолордон турат, сынактан өзүңдү сындырба.
2. Кандай кыйынчылык болбосун, сабыр кыл! Сабыр кылсаң сен баарын жеңип чыгасың.
3. Сен да чоңойосуң, келечекте сени сүйүнүч, көз жаш, өйдө ылдый тагдыр күтөт. Бул сени коркутуу эмес. “Бардыгына даяр бол” деген сөз
4. Билип жүр: бул дүйнөдө сага эң жакын адам: Эне! Эне! Эне! андан кийин ата.
5. Бир нерсени баштардан мурда, же сапарга чыгардан мурда, биринчи ата-энеңден бата ал. Ошондо сенин жолуң ачык, шыдыр болот.
6. Канчалык бизден алыс жака барсаңда, мен сени үйдө Күтөм.
7. Туугандарың менен эч качан мамилени үзбө.
8. Кошуналар менен жакшы мамиледе бол.
9. Картаң Апалардын, ак сакал Аталардын сөздөрүн көп ук. Алардын сөзүндө бир кылымдык алтын насаат жатат.
10. Улуулар менен мойнуңду ийип учурашып жүр.
11. Тышкы келбет, байлык жана буюм сени эч качан бактылуу кылбайт.
12. Бактылуукту көчөдөн эмес, үй-бүлөөдөн изде.
13. Өзүңдүн карындаш эжеңе каалабаган нерсени башка бирөөнүн кызына да каалаба.
14. Эркек болсоң да намысыңды бек сакта.
15. Айымдар бузуккулук кылыш үчүн жаралган эмес, тескеринче күнөө иштерден сактаныш үчүн жаралган. Ошонтуктан никесиз аларга жолобо.
16. Бирөөнүн убалына кала көрбө.
17. Муктаж адамдан өзүңдүн жардамыңды аяба. Анын жашоосун бул дүйнөдөн жеңилдетсең, ал сенин ахвалыңды оо дүйнөдөн жеңилдетет.
18. Бирөөгө жардам бер, бирок милдет кылба.
19. Эч качан жалган айтпа.
20. Адилеттүү жана жоопкерчиликтүү бол.
21. Күнөөсү жок адамды күнөөлөгөндөн корк, анткени Аллах аны менен.
22. Роббиңди жана Пайгамбарды тааный бил, динди жакшы өздөштүрө бил.
23. Ислам дини — эрежелерден турат. Эреже менен жашасаң, күнөөсүз да катасыз да болот.
24. Намазыңа бекем бол! Намаз сени тазалыка көндүрөт жана убакытыңды туура колдонгонго үйрөтөт.
25. Куран жана Сүннөттүн жолунда болсоң, анда эч качан адашпайсың.
26. Дайыма жакшы ниетте бол. Ниетиң жакшы болсо, амалдарыңда жакшы болот.
27. Чечкиндүү бол. Улуулардан кеңеш ал, бирок, чечимди өзүң чыгар.
28. Кандай чечим чыгарсаң да, мен сени колдойм. Туура эмес чечим — бул сенин катаң. А туура чечим — бул сенин ийгилигиң.
29. Ката кетирүүдөн коркпо! Катаңды кайталагандан корк!
30. Мээнетчил бол. Ар бир жумуштун майын чыгара жаза.
31. Спорт менен машык, ден соолугуңду кара!
32. Өзүңө ишен. Сен күчтүүсүң. Колуңдан баары келет.
33. Билип жүр, сен өзүң ойлогондон да көп нерсеге шыктуусуң
34. Сенин күчүң бирөөнү коркутуу, же, күчүңдү бирөөгө көрсөтүүгө берилген эмес. Күчүңдү туура жака жана туура колдоно бил.
35. Керсейип, тырышып, төшүңдү көтөрүп жерди чукуй баспа, үстүбүздө Аллах таала турганда.
36. Бул дүйнө — кайтар дүйнө! Жакшылыгың да жамандыгың да өзүңө кайра кайтып келет.
37. Ичкилик, баңгизат, уурулук, зинаа дегендерден алыс бол.
38. Убакытыңды өз пайдаң үчүн өткөрбөйсөң, анда ал убакыт өз зыяның үчүн өтөт.
39. Билип жүр: алдыга койгон максатыңа умтулбасаң, анда бузуккулук жерде убактылуу арам бактылуулукка умтуласың
40. Алдыга койгон чоң максаттарың болсо, мага айт. Ал максаттарга сени жеткиргенге дайыма даярмын.
41. Досторуңду туура танда.
42. Сени жаманга чакырган достордон эч бир жакшылык күтпө
43. Кечирим суроо бул алсыздык эмес.
44. Мен сенин бардык катачылыктарыңды кечириүүгө даярмын.
45. Мен дагы баардык адамдардан алдыда болгум келет. Эгерде кимдир бирөө менден ашып кетсе анда ошол адам сен болушуңду каалайм.
46. Келечекте сенин бай болушуңду, элге таанымал болушуңду эмес, БАКТЫЛУУ болушуңду каалайм.
47. Сенин келечегиң мени абдан ойлондурат
48. Ушул Айткандарымды азыртадан өз парзыңдай аткара бер… эмнеге аткарышың керек экендигиңди кийинчерээк өзүң түшүнөрсүң.
Интернет булактарынан алынды.