УКМК Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөт башчысын кармады. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.
Ага ылайык, колго түшүрүлгөн адам 720 орундуу мектепти курууда мамлекетке 24 миллион 209 миң сомдук зыян келтирди деп айыпталууда.
Эске салсак, буга чейин аталган фактыны Кара-Суу райондук прокуратурасы аныктаган. Мектептин курулушу «Акмат Курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомуна тапшырылып, 159 миң сомго келишим түзүлгөн. Имарат пайдаланууга 2019-жылдын 5-сентябрында берилген.
Бирок Сарай айыл өкмөтүнүн жана «Акмат Курулуш» ЖЧКнын кызмат адамдары мектептин курулушу боюнча аткарылган жумуштардын актыларына жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен айрым жумуштарды жогорулатылган баада, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарды аткарылды деп, ошондой эле айрым аткарылган жумуштарды кайталап киргизишкен.
Былтыр 4-декабрда аталган факты Жазык кодексинин 320-беренесинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
6-январда УКМК кылмыш ишинин алкагында Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.З.Жны кармаган.
Учурда тергөө уланууда.