Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун суракка чакырылганын жарыялады. Анда Бабанов сотко чейинки бир катар териштирүүлөрдүн алкагында фигурант катары өтүп жатканы жазылган.

«Тергөөнүн жүрүшүндө жасалган кылмыштардын жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-аракеттеринин комплекси жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу, тергөө органдары жараны Ө.Бабановго анын катышуусу менен тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн чакыруу кагазын тапшырышкан. Белгиленген кылмыш иштерин УКМК тарабынан иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар коомчулукка маалымдалып турат»,- деп айтылат маалыматта.

Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын декабрынан 2012-жылдын сентябрына чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ал 2020-жылы парламенттик шайлоодон мурун «Республика» партиясынын лидерлигинен кеткенин, саясаттан да оолак болорун жарыя кылган.