Илгерки доорлордо бир падыша төрт аялдуу болгон экен. Баары эс-акылы жана чырайы келишкен болсо да, бирок падыша алардын ичинен эң кичүүсү – төртүнчүсүн көбүрөөк жакшы көрөөр эле. Анткени ал жаш жана назик болгон. Сүйүктүү төртүнчү аялы ар дайым кымбат баалуу кийимдерди кийип, асыл таштар менен курчалган.
Султан үчүнчү аялын да өзгөчө жакшы көрчү, анткени ал дүйнөдөгү не бир сулуу аялдардын бири эле. Башка өлкөлөргө саякатка барганда да падыша башка адамдар арасында мактануу максатында ар дайым үчүнчү аялын кошо алып жүрчү. Бирок ар дайым башка эркекке кетип калбасын деген коркунучта өтөөр эле.
Экинчи аялын да падыша абдан жактыраар эле, анткени ал өтө зээндүү жана куу болчу. Ал башкалардан акылы, сабыры жана адамгерчилиги менен айырмаланып турган. Кандай гана кыйынчылык болбосун, султан экинчи аялына кайрылып, мыкты кеңеш алган.
Биринчи аялы баарынан эң улуусу эле. Учурунда султан бул аялын улуу байкесинен мурас катары алган. Бул аялы абдан күйөөсүнө берилген жана ишенимдүү экен. Баардык күчүн күйөөсүнүн байлыгын жана мансабын көбөйтүүгө жумшаган. Күйөөсүн абдан жакшы көрсө да, султан ага көп деле көңүл бурбастан, жакшы деле көрчү эмес.
Күндөрдүн биринде султан каттуу ооруп, өлүм төшөгүнө жатып калат. Аманатын тапшыраар мезгил жакындап калганын сезген падыша баардык аялдарын топтоп, аларга мынтип кайрылат:
— Жакшыбы же жаманбы силер менен бирге өмүр сүрдүм. Бул жерде төрт аялым болсо, кабырда жалгыз жатат экенмин. Сен менин эң сүйүктүү аялым элең. Баардык нерсенин эң жакшысын сага берчүүмүн. Азыр өлүм төшөгүндө жатамын, мени менен бирге тиги дүйнөгө кетесиңби? — деп эң кичүү, төртүнчү аялына кайрылат.
— Бул нерсе кыялыңа да келбесин! — деп ачуулана жооп берген жаш аялы кетип калат.
Муну уккан ооруп жаткан падышанын абалын андан да начарлап:
— Өмүр бою сага суктанып келдим. Азыр мени менен кабыр жашоосун тең бөлгөнгө даярсыңбы? — деп үчүнчү аялына кайрылат.
— Эми сен деле эстүүсүн да. Өлгөндүн өзүнүн шору демекчи, сен өлсөн деле, жашоо улана берет да. Балким мен кайра турмушка чыгамбы, — деп жооп берет үчүнчү аялы.
Мындай соккудан улам, көңүлү чөккөн падыша, экинчи аялына кайрылат:
— Оор абалда ар дайым сага кайрылаар элем. Менин эң мыкты кеңешчим сенсин. Эми да мени менен тиги дүйнөгө сапар тартканы макулсуңбу? — деп кайрылат.
Анда экинчи аялы:
— Сага ар дайым жаншерик болгонмун, ал нерсе акыйкат. Бирок бул жолку сапарыбыз ажырайт го. Сен өлгөндө мансабыңа жараша чоң салтанат менен жерге берип койгонго гана убада бере алам.
Бул сөздөрдөн улам султан үмүтсүздүккө батып турган убакта:
— Мен сиз менен кайда болбосун барууга даярмын, мен ар дайым сиз менен бирге болом! — деген үн угулат.
Сүйүнүп кеткен султан өз көзүнө ишенбеди,анткени бул сөздөрдү айткан анын биринчи аялы эле. Күйөөсүнүн оорусуна кейиген аял абдан арыктап, жүдөп калган экен. Сүйүнгѳн султан:
— Сенин баркыңды соо мезгилимде билбеген экенмин, эми гана башыма кайгы келгенде сезбедимби, аттиң ай! — деп башын мыкчыйт.
Бул албетте жөн гана бир ибраттуу окуя, бирок бул салыштырмалуу гана икая.
Чындыгында бул жашоодо баарыбыздын төрт аялыбыз бар:
4-аял — бул денебиз. Аны канчалык сүйүп, жакшы көрбөйлү, ал биз менен чын дүйнөгө кетпейт.
3-аял — бул биздин жумуш, мансап жана акчабыз. Биз өлгөндөн кийин акыйкатта анын баары башка бирөөгө өтүп кетет.
2-аял — бул биздин бала-чака, урук-тууганыбыз. Алар өмүр бою бизге жардам берип, өз кеңешин аябайт. Бирок денеден жан чыккан соң, кабырга чейин гана узатканга жетишет.
Ал эми биздин 1-аялыбыз — бул биздин сооп амалдарыбыз. Бул жашоодо көбүнчө биз ага кош көңүл болуп, анчейин эле көңүл бура бербейбиз. Ага болгон ойдон бизди акча, бийлик, мансап жана убактылуу ырахат азгырып турат. Бирок канчалык ага терс мамиле кылсак да, бир гана ушул «аялыбыз» бизге тубөлүктүү жолдош боло алат.
Өз амалдарыбызга бекем болууну унутпайлы, туугандар. Анткени кыргыз элинде бекеринен «Ыйманы жолдош болсун» деген кеп айтылбаса керек.
Которгон: Нуриет Абдулазиз (Nuriet Abdulaziz)
Интернет булактарынан алынды.