“Жөнөкөйлүк — адам көркү” демекчи, жөнөкөйлүк — инсандын эң бийик сапаттарынын бири. Мындай инсандардын катарын жеке ишкер Каныбек Туманбаев да толуктайт.
Ал 1998-жылы мектепти аяктап, инженер-электрик кесибине ээ болуп, кийин экономист кесибине ээ болуу үчүн окуп жүрүп 3-курстан соң сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, Орусиянын Волгоград шаарына иштөөгө, соода кылганга кетет. Алгач ишин соодадан баштап, Волгоградда жүзгө жетпеген кыргыз балдардын башын бириктирип “Кыргыз диаспорасын” түзгөн. Аны эки жарым жылдай жетектеп, кийин Москвада иштеп, ишин бир нукка коюп, өнүгүү жолуна түшкөндө Кытайда жүрүп жеке ишкерлик менен алектенет. 2010-жылы октябрда кайрадан мекенге кайтып келет. Каныбек мырза менен үч жыл мурун маектешип калып: “Биз үч бир тууганбыз: агам, эжем жана мен. Атабыздан эрте ажырадык. Апабыз атабызды жоктотпой биздин келечек үчүн бардык күчүн, аракетин жумшап бапестеп өстүргөн. Энемдин күнү-түнү уктабай, бизди эч нерседен кем кылбай артыкча шарт түзүп, татыктуу инсан кылып тарбиялаганына мен чексиз баа берем. Кичинемде энемдин кыйналганын көрүп аябай капа болуп “чоңойгондо энем үчүн бардык шарттарды түзүп, мойнума көтөрөм” деп алдыма чоң максат койчумун. Бул максат мени көп бийиктиктерге жеткирди. Эң оболу инсан катары түптөлүшүмө чоң сабак болду. Энемдин бизге төккөн мээримине миң ийгилик жаратып кайтарсак дагы аздык кылат”, — деп айтканына күбө болуп уулдун баары ушундай болсо дегем.
“Элден бата алуу, ыраазычылыкка арзуу — жан дүйнөнүн тынчтыгы”
Ал эми кайрымдуулук иштери боюнча: “Кайрымдуулук иштер менен алектенип, ошол адамдардын, анын ичинде айымдардын бактылуу болгон көздөрүнө, кубанычына күбө болуу — бул айтып бере алгыс сезимдер. Кайрымдуулук ишимде мен айымдарга жардам берүүгө басым кылам. Анын себеби кичинебизден энебиз бизге көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүп шарт түзүп, тарбия бергенинде. Бүгүнкү күндө жардамга муктаж айымдар көп. Айымдар мырзалардан табиятынан назиктиги, улуулугу менен айырмаланат. Бейиш эненин таман алдында. Аял — бул сенин карындашың, эжең, кызың, жубайың. Ар бир аял — эне. Биз айымдарга татыктуу мамиле кылып, сыйлашыбыз керек. Жашоо шартка, тагдырдын сыноосуна байланыштуу бардык жактан телегейи тегиз адамдар аз. Мен айымдарды бактылуу көргүм келип алардын муктаждыктарын чечип берүүгө көп аракет кылам. Андыктан кароого муктаж, ата-энеси баш тартып кеткен, тагыраагы, жетим калган наристе кыздар үчүн атайын интернат салгам. Учурда 37 кызым бар. Улуусу 4 жашта, кичүүсү 2 жашта. Ал наристелерге 16 айым тарбия берип аталган мекемеде эмгектенишет. Наристелер камсыз болуусу үчүн бардык шарттарды түздүк. Ошондой эле мамлекетибиздин айрым аймактарына жүз орундуу 4 бала бакча, 13 спорт мектептерин курдук. Элден бата алуу, ыраазычылыкка арзуу — жан дүйнөнүн тынчтыгы”, — деп айтканы бар. Бул сандар үч жылдан бери дагы өскөн чыгар.
“Элдин саламаттыгына салым кошкон Эл уулу”
2020-жылы дүйнөнү каптаган оор сыноо биздин өлкөгө да баш багып, эл башына күн түшкөндө кайрымдуулук иштен кур калбаган Каныбек мырза: “COVID-19 пандемиясы сүйүктүү мамлекетибиз Кыргызстанды да өтө оор абалга кептеп отурат. Кыйын кырдаалда сабырдуулукту карманалы. Сабырдуулук – оорудан айыгуунун жарым жеңиши. Ашыкча кооптонуу, дүрбөлөңгө түшүү оорунун күчөшүнө гана алып келет. Жапатырмак аракеттер менен коронавирусту жеңип, оор күндөрдү эртерээк аркага калтыралы. Дары-дармектерди сатуу менен ишкерлик жүргүзгөн жергиликтүү компаниялардын ээлери, бул жааттагы ишкерлер! Элибиз азыр өтө оор күндөрдү башынан кечирип турат. Пандемиянын айынан туруктуу иштеп келген жумуштарынан да ажырап калгандар бар. Коронавирус карапайым жарандардын капчыгын бир топ бошотту. Күнүмдүк азык-түлүккө да акча табуу баш ооруга айланган учур. Мындай кыйын кезеңде дарыканаларда дары-дармектердин баасын 3-4 эсеге чейин көтөрүү элге жасаган кыянатчылык болуп саналат. Элибиздин аргасыздыгынан ашыкча киреше табуудан алыс болуңуздар. Бул сиздердин өз элиңиздерге жасаган камкордугуңуздар болуп калсын. Бул пандемия бизге берилген сыноо. Андан татыктуу чыгалы”, — деген кайрылуусун жасап, карапайым калкка дары-дармектерди алып келип акысыз таратканы баарыбызга маалым. Элге болгон мындай жардам канчалаган эне-аталардын, эже-агалардын көз жашын сүртүп, ден соолугуна өз пайдасын тийгизген. Аймактардагы дары-дармекке зар болгон көптөгөн элдин саламаттыгына салым кошо алган.
“Эне сыйлаган элге жагат”
Өкүнүчтүүсү, жанындай көргөн өз энесин пандемия убагында ажалдан арачалап кала албады. Анын: “Мен 2017-жылы Кербен шаарында балдар бакчасынын курулуш ишин баштадым эле, арадан 3 жыл өтүп, быйыл аягына чыгарылды. 200 балага ылайыкташкан бакча заман талабына ылайык шарттары, сапаттуу курулуш материалдары менен курулду. Эсимде, балдар үчүн башталган курулушка апам абдан кубанды эле. Бейиши болсун, ачылышына саналуу күндөр калганда түбөлүк жайга аттанып кетти. “Бейиш эненин таман алдында” деген асыл кеп бар, арбагы ыраазы болсун деп апамдын ысымын бакчага бердик”, — деп жазганы бар. “Эне сыйлаган элге жагат” демекчи, эненин баркын ыйык туткан, эл-жер дегенде ичкен ашын жерге койгон Каныбек мырзаны жарык дүйнөгө алып келген энеге таазим. Анын жаткан жери жайлуу болсун! Жараткан уулуна татыктуу тарбия берген энеге бейиштен орун берсин. Ал эми эл-жеринен аянбаган Эл уулу Каныбек мырзага чың ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбыз.
Маектешкен Жазгүл Карбосова
Булак: Элита плюс журналы