Бишкекте патрулдук милиция кызматы зордуктоого шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

«8-январь түнү 102 кызматына зордуктоо боюнча билдирүү келип түшкөн. Жерине барган кызматкерлер 61 жаштагы аялдын арызын кабыл алышкан. Анда 7-январга караган түнү саат 23:30 чамасында кошунасы кирип келип зоруктап, из жашырып качып кеткенин айткан. Ыкчам-иликтөө тобу шектүү катары 43 жаштагы С.Ж. аттуу шектүүнү кармап, Свердлов РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп жазылат маалыматта.