Милиция кызматкерлери жер-жерлердеги шайлоо участкаларында алдын ала коопсуздук чараларын көзөмөлгө алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары «СОVІD-19» илдетин алдын алуу максатында санитардык нормалардын сакталуусу зарылдыгы эскертилди. Азыркы учурда Ноокат районунун аймагында жалпы коопсуздук көзөмөлгө алынып, коомдук саясий кырдаал туруктуу.

 

Ош ОИИБнин Басма сөз кызматы