Хондроз өтө белгилүү оору. Муну омурткалардын ортосундагы чемирчектер менен дисктер жабыркады деп түшүнүү керек. Буга ал жердеги зат алмашуу, кан айлануу процесстеринин бузулушу себепчи болот. Омуртка тутумунун кыймылы, ийилчээктиги жана чоюлчаактыгы дал ушул чемирчектерден жана дисктерден көз каранды болгон үчүн оору бара-бара өнүгөт. Анан моюндан куйрукка чейин созулган тутумдун кайсы бир жериндеги эки омуртка ортосундагы диск оң же сол жакты көздөй жылып кетет. Бул процесс остеохондроз деп аталат. Түрлөрү боюнча аталган дарт желкенин, көкүрөктүн, белдин хондрозу жана комплекстүү остеохондроз болуп төрткө бөлүнөт
Хондрозду уй шартында дарыласа болот, бул толугу менен айыкчу оору. Врачтардан кайсы диск, кайсы тарапка ооганын билгенден кийин ДОКТОР ТМИНДИН майын ооруган жерге суйкоп жылуу ороп жатыш керек. Андан тышкары кара зире Доктор тминдин майын ичиш керек, себеби кандын айланышын жана, зат алмаштырууну жонго салат. Дагы кошумча конугуулорду жасап туруш керек.
Остеохондрозго каршы 5 көнүгүү:
— Башыңызды бир аз алдыраак кармап, эки алаканыңызды чекеңизге коёсуз. Анан башыңыз менен алакандарыңызды катуу түртүп 10 секунд турасыз. Кайра ушул абалды эки алаканыңызды желкеңизге коюп кайталайсыз. Бир нече ирет кайталоо жакшы натыйжаны берет;
— Отургучка отурган абалда эки колду ылдый таштайсыз. Анан башты арткараак кетирип, жай абалда сол жакка кыйшайтып 30 секунд отурасыз. Ушул эле көнүгүүнү оң жакка, кайра сол жакка кайталап туруу керек;
— Эки ийниңизди жогору көтөрүп кулактарыңызга жеткирүүгө аракет кылыңыз. Ушул абалда 10 секунд, кайра түшүргөн абалда 10-15 секунд кылып көнүгүүнү бир канча жолу кайталаңыз. Бүткөндө бир ийниңизди көтөрүп экинчи ийниңизди түшүрүп 10 секунд, кайра тескерисинче 10 секунд туруңуз;
— Башыңызды ээгиңиз көкүрөгүңүзгө жеткидей кылып ылдый түшүргөн көнүгүүнү 5 жолу кайталаңыз;
— Башыңызды жай жана бирдей ылдамдыкта артка, алдыга, оңго, солго кыймылдатып отуруңуз. Күн сайын муну 3 ирет жасап турган жакшы.
А өзүн-өзү карабай, дарыланбай, ооруп кайра басылып коюп жүрө бергендердин сыркоосу албетте, бара-бара күч алат. Омурткалар организмдеги негизги тутум болгон жүлүн менен тыгыз байланышта болуп жатпайбы. Ошон үчүн хондроз өтүшүп кеткенде ал жүлүндү кысат. Мындан улам баш мээге таасир болуп, баш мээнин ичиндеги басым көтөрүлүп кетет. Кээде баягы дисктер кургап кеткенден улам бел, бут, кол кадимкидей ичкерип адам радикулитке кабылат.
Интернет булактарынан алынды.