Блогер блок
Балдарыма баткан жокмун. Кетип калганыма кайра мен күнөөлүү болдум …
— Апа, бизде эгиз болот экен, — кызым телефондон кубанычтуу созолонуп калды. – Эми билесиң да, сенсиз кантебиз. Келип кал!
Мен баарын таштап кызыма учуп жөнөдүм. Бир жыл үйдөн чыкпай, эки тентекти багып бердим.
— А балким, ушул айылыңызды таштайсыз, бир күнү күйөө балам айтып калды. – Көрдүңүз, ынтымактуу эле жакшы жашадык го. Үйүңөрдү сатып, биротоло келсеңиз кантет. Кызыңыз жумушка чыксын. Сонун ремонт да жасап алабыз!
Мен үчүн үй тар боло баштады…
Курбуларым канча айтып айнытса да болбой үйүмдү сатып жибердим да кызымдыкына көчүп келдим. Биринчи үч жылда, балдар кичине кезинде жакшы эле болду. Аларды бала бакчага бергенден баштап көйгөйлөр башталды.
— Ой, силерди конокко чакыра албайм, күйөө балам бирөөлөргө үнүн катуу чыгара телефондон айтат. – Биздин үйдө уктаганга да жер жок. Кырк квадрат метрде бешөөбүз тыгылышып жатабыз. Полдо да орун жок.
Мен, Мария Семёновна, биринчи жолу сездим: мен бул жерде артык баш экемин. Анан жабык эшик артында кыз-күйөөмдүн түнкү айткандары. Балдар менен энесин багып кыйналышкандары, орун жетпеген тар үйдө кантип жашагандары.
Аягында акыры чыдабадым да кыз-күйөөмө үйдү саткандан калган акчага шаардан алыс эмес жерден бир кепе болсо да сатып бергиле деп сурадым. Таап беришти. Алып келип ташташты. Кайра мени күнөөлөдү кызым: тынч эле жашай бербей кайдагыны ойлоп таптың…
Үйдө балдарды тажаткан экемин. Кетип калам деп, кайра күнөөлүү болуп калдым.
Үйгө кирдим…
Бүт дубалды желе баскан, жыртылган обой полго чейин самсаалайт. Чычкан эле жыттанат. Мен тартынып босогого туруп калдым. Күйөө балам көзүмө карабай машинеден акыркы сумканы алып кирип «Жакшы калгыла!» деди да тез кетип калды.
«Мына мен үйдөмүн!» — деп ойлодум да ыйлап жибердим.
Башка бөлмөлөр деле ушул. Мышыктар бул үйдү ээлеп алганбы, чыйпылдап жүгүргөндөрү бардык жерден угулат. Керебеттер тыкан жыйналган. Терезеде колдон тигилген пардалар. Полдун кай бир жерлери урап калган. Эгер эски килем болбогондо бутуң тешикке тыгылчуудай.
Терезеге келип ачайын десе ачылбайт. Кур убара. Скотч менен жабыштырып, үстүнөн сырдап салыптыр. Кирдеген айнектен короого карады.
— Такыр унуткан турбайымбы. Бул жерде сарай, анан жайкы кухнясы да бар дебеди беле. Карап көрөйүнчү.
Короону каптаган киши бою чөптөрдү аралап жеткенче, аны бирөө чакырып жатканын уга койду. Дарбазанын оозунда жагымдуу жаш аял туруптур.
— Саламатсызбы! Мен силердин коңшуңар болом. Мурда бул чоң эненин үйүнө көз салып турчумун, ушул жердегилер бузуп, ташып кетпесин деп. Баса, менин атым Маша. Сизди келип алып кетишеби? Болбосо азыр жашоого мүмкүн эмес го…
— Кутман күн, Маша! – мен чындап кубанып кеттим. — Жок, келишпейт, келип калышса да мен эми ал жакка барбайм. Ошондуктан бүгүнкү күндөн баштап мен, Мария Семёновна, силердин кошунаңармын.
Биз Маша менен бүт короону кыдырып чыктык.
— Чоң жол бизден эки чакырым. Бул жерде баары сатылат, ал көңүлдөнүп айтып берип жатты, ар кимдин багы, жеткидей чоң огороддору бар. Баарын сатышат. Мен өзүм иштебейм. Түшкө чейин барып сатам, түштөн кийин эртеңки сатканга камданам. Сиз да ушуга көнүп кетесиз.
Кошуна келин айылы менен анын адамдарын мактап айта берди. Айтып берип жатып, бирөөгө келип короону чаап бер деп телефондон айтып үлгүрдү.
— Сизден эч нерсе сурабайм, бирок кыздарды чакырып, үйдү тез эле жыйнаштыра салабыз.
Мен таң калып үлгүрө электе короодо жаш жигит мотор чалгы менен чөптү чаап кирди, ыкчам беш кыз шыңкылдашкан бойдон шыпырып, жууп, эшикке алып чыгып күбүп-кагып, кайра киргизип жатышты.
— Менде кечки тамакка палоо, деди Маша. — Баарыңар жүргүлө, жаңы кошунабыз менен таанышабыз.
Биринчи жумада үйдү тартипке келтирип, кичинекей “кожоюндардан” кутулганча Машанын үйүндө түнөп жүрдүм. Акырындап кичинеден жайгаша баштадым, а түгүл бактагы алма, алмурут, жер-жемиштерди сатууга алып чыга турган болдум…
«Балдарым, силер менин ордумда эч качан болбойсуңар деп үмүт кылам»
Жарым жылдан кийин кызым биринчи жолу телефон чалды. — Апа, суук түшүп калды. Эртең Павел сени алып кетет.
— Сага да салам, кызым! Мен аман-эсенмин, баары жакшы, — деп трубканы таштап койдум.
Эртеси короого күйөө баламдын машинеси келип калды. Кызым машинеде отуруптур, чыккан да жок. Таарынып жатат да. Мен погребден картөшкө, сабиз, пияз, алма-салма алып чыгып бердим. Таң калган күйөө баламдын колуна сүттүн оокаттары салынган баштыкты карматтым.
Кудай жол берсин, балдар! – акырын айттым. — Силер менин ордумда эч качан болбойсуңар деп үмүт кылам. Кокус болуп калсаңар Кудай мениникине окшогон кошуналарды туш кылсын.
Эмдигиче кызым менен катышпайм, бирок жашылча, оокаттарды жума сайын жиберип турам. Кызым болсо түшүнө албайт: кантип эле алар менен жашаганды жактырбай, апасы ушундай жер тандап алды? Энесин азырынча кечиргиси келбейт. Ким билет? Балким… Анын да балдары өсүп келе жатышат.
Интернет булактарынан алынды.