Маалыматтык агенттиктерде Медиа полиси институтунун ички иштер министрин шайлоо учурунда журналисттердин укугун коргоого чакырган кайрылуусу жарыяланган. Анда ички иштер министри Улан Ниязбековго алдыда өтө турган президенттик шайлоодо журналисттерди коргоого чакырып, ЖМКнын өкүлдөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгү өзгөчө шайлоо процессин чагырдырууга керек экендиги белгиленген.
Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттары менен менен өз ара аракеттенүүгө ар дайым жогорку деңгээлде өзгөчө көңүл буруп келгендигин белгилейт. Сөз эркиндиги демократиялык мамлекеттин ажырагыс бир бөлүгү болуп санала тургандыгына да өзгөчө баа берет.
Мурда Медиа полиси институтунун демилгеси менен 2013-жылы Бишкек ШИИББ менен ЖМКнын өкүлдөрүнүн ортосунда «Бишкекте тынчтык митингдерин өткөрүү учурунда жалпыга маалымдоо каражаттары менен укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү принциптери жөнүндө» меморандумга кол коюлган. Ал ЖМК менен ИИОнун өз аракеттенүүсү жөнүндө жумушчу жолугушуунун жыйынтыгы менен иштелип чыгып, массалык иш-чараларды, митингдерди, каршылык акцияларды чагылдырууда журналисттердин коопсуздугун камсыздоого багытталган. Макулдашуунун негизги максатына массалык иш-чараларды чагылдырып жаткан журналисттерди аныктоо, ЖМКнын редакциясына жана журналисттерге массалык иш-чаралар жөнүндө, массалык иш-чараларды өткөрүүдө укуктук тартипти камсыздөө жөнүндө толук жана өз убагында маалымат алуусуна көмөктөшүү кирет. Меморандум күчүн жоготкон жери жок.
Ички иштер министрлиги ЖМКнын өкүлдөрүнө, журналисттерге коомдук иш-чараларга баруудан мурда ал жакка жаран катары же журналист катары бара жаткандыгын тактап алуусу керек. Анткени коомдук иш-чаранын катышуучусу менен журналисттин укугу ар башка. Мисалга алсак, журналист уруксат берилбеген иш-чараларды дагы чагылдырууга укугу бар, ошол эле убакта аны уюштуруулардын жана ага катышуучулардын да жоопкерчилиги калышы мүмкүн. Эгерде журналист уюштуруучу же катышуучу катары митингге келсе, анда митингдер жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык өзүн алып жүрүүсү керек. Ал эми митинггди чагылдыруу үчүн келсе «ЖМК жөнүндө» мыйзамдын аракеттерине ылайык ишмердүүлүгүн жүргүзө берет.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү массалык иш-чараларды чагылдырган учурда өздөрүнүн жанына кызматтык күбөлүк, бейджик, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша прессаны аныктай турган белгилерди: Колго тагылган белгилерди, баш кийимдерди, прессага тиешелүүлүгүн аныктаган жазуусу бар жилеттерди алып жүрүү зарыл. Бул чаралар сунуштоочу мүнөзгө ээ. Бул журналисттер менен коомчулуктун өз ара кызматташуусун бекемдөөгө үчүн гана эмес, бул маселелерде укуктун нормаларын эске алуу дагы каралган. Массалык акцияларда практика жүзүндө көрсөтүлгөндөй, журналисттер коопсуздук үчүн коргонуучу жабдыктар, кандайдыр бир ЖМКнын өкүлү катары аныктоого мүмкүн болгон сырткы белгилер менен камсыздалышы керек.
Ички иштер органдары өз ишмердүүлүгүндө жарандардын укуктарын сыйлоо менен бирге ар бир жаранды коргоонун кепилдиги болуп саналат. Жарандарды, анын укуктарынан жана эркиндигинен ар кандай чектөө бир гана мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте гана ишке ашат.
Негизинен укук коргоо органдары массалык иш-чаралар учурунда журналисттерге тоскоолдук жаратпайт жана тоскоол болгон эмес. Журналисттер ички иштер органдарынын сыйлоо мамилесине ишеним көрсөтө берсе болот. Жалпы эле жарандардын, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укуктарын бузуу, анын намысына жана аброюна шек келтирүү, коркутуу, зомбулук же өмүрүнө, ден соолугуна жана кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан мүлкүнө кол салуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкерчиликтер бар экендигин белгилейбиз жана ошондой эле биздин сунуш –каалоолорубуз эске алынат деген ишеничтебиз.
ИИМдин Басма сөз кызматы