Досторум: «Аябай сыгылып кеттиң, эс алып келебиз» — деп тоого алып жөнөштү. Түн бир оокумга чейин өткөн-кеткенди сүйлөшүп отурдук. Кызык, ар дайым үстүбүзгө кулап түшчүдөй бой керип турган тоолорду, чоң-чоң набаттын бөлүгүндөй кырлуу аскаларды көргөндө жашоо түбөлүктүү эмес экендигин ойлойм. Караңгы асманда капкара көлөкөдөй кылт этпей турган бул аскалар бизге окшогондордун канчасын көрдү экен?.. Болгону алардын тили жок…
Түндөсү түнөгөн жерибиз суук эле. Көпкө чейин уктай албадым. Сыртта теректер шуулдайт. Кайдадыр жакыныраак жерде дарыянын шоокуму угулат. Бир маалда кулагыма көкүрөктү арзууга толтурган муңдуу дабыш угулду: «Сүт-ак, сүт-ак…»Бир аз жымжырт боло түштү да, бир топ алыстан ошол дабыш кайра кайталанды: «Сүт-ак,сүт-ак…»
Бала элем, наристе элем. Апам бир туугандар жөнүндө кызыктай бир жомок айтып берген эле. Имишке караганда илгери заманда эки ага-ини жашаган экен. Биринин аты Илхак, экинчисиники Исхак экен. Экөөсү бири-бирин көрөргө көзү жок, аябай ынтымаксыз болуптур. Алардын көңүлүн алам деп эки ортодо эне байкуш куурап бүтүптүр. Ошондо жараткандын каары келиптир да, экөөнүн тең көзүн сокур кылып, кушка айлантып салыптыр. Ошондо гана ага-инилер бири-бирин көрбөсө тура албастыгын, бири-бирине керек экендигин түшүнүптүр. Ошондон бери экөө түнү бою боздоп, бири-бирин чакырып чыгат имиш, бирок таба албайт экен…
Сыртта дале теректин жалбырактары шуудурайт. Дарыя шоокум салат. Мына ушул шуулдаган жымжырттыктын кучагында дилди титиреткен аянычтуу үн жаңырат: «Ил-хак, Ис-хак!..»
Байкуш апам! Ошол аянычтуу уламышты айтып жатканыңызда ийинден баш баккан чабалекейдин балдарындай көрпөдөн баш чыгарып жаткан беш уулуңуздун бири-бири менен ынтымактуу болушун ушунчалык кааладыңыз беле?!
…Энелер перзенттери дайыма бирге болуусун каалайт. Тагдыр болсо, аларды канат чыгарышы менен ар кайсы жакка учуруп кетет. Турмуш жок дегенде ушул маселеде да энелерге ырайым кылбайт.
Уткир Хошимов, өзбек жазуучусу.
Кыргызчалаган: Каттабек ШАМШИЕВ