“Парламенттик шайлоо май айынын аягында болот деп күтүп жатабыз. Мындай пикирин Садыр Жапаров президенттик шайлоонун жана референдумдун алдын ала жыйынтыктарынан кийин маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

“Административдик ресурстарды колдонуу, добуштарды сатып алуу жана башка мыйзам бузууларга жол бербейбиз. Мындан ары бардык шайлоо таза өтөт. Элдин аң-сезиминде “БШК жыйынтыктарды бурмалайт” деген пикир калыптанган. Менде дагы мындай пикир болгон. Бирок мен бийликке келип, БШКдагы серверлерди текшергенде, андай эмес экенине ынандым. Бирок ошентсе дагы, мен биринчи бийликке келгенде “блокчейн” системасын орнотобуз деп айткам. Бүгүнкү күндө бул система БШКга орнотулган. Шайлоо ошонун негизинде өттү. Кудай буйруса, кийинки беш жылдыкта ар бир урнага “блокчейн” системасын орнотуп, чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыз смартфонунан эле добуш бергендей системага жетебиз”, – деп билдирди Жапаров.