Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдети 107 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Ал эми айыгып чыккандардын саны 101ди түздү. 

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек – 82;
Ош — 0;
Чүй облусу – 8;
Ош облусу — 2;
Талас облусу — 0;
Нарын облусу — 0;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен облусу — 4.

COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек – 57;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 16;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 4.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 380 адамга жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 78 003. Курмандыктардын саны 1371. Стационарда дарыланууда – 839 бейтап бар. Алардын ичинен 10 адам канааттандыраарлык, 543 орто, 232 оор, 54 бейтап өтө оор абалда жатат. Амбулатордук дарыланууда – 1241 бейтап бар.