Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул туурасында жергиликтүү маалымат булактар, коңшу өлкө башчысынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянуу менен жазышты.

Токаев добуш берүүнүн жыйынтыгы Кыргызстандын өнүгүүсүнө, социалдык-экономикалык туруктуулугун камсыздоого жана мамлекетти чыңдоо боюнча программасы жалпы элдин колдоосуна ээ болгонун белгилеген.

«Казакстандын президенти бир тууган Кыргызстан менен ынтымакта, коңшулук ынак мамиледе болуп, стратегиялык өнөктөштүк боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров коңшу өлкөнүн башчысына жана казак элине колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле ал парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктаган.

Андан соң Токаев Жапаровду расмий иш сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакырган. Өз кезегинде Жапаров чакырууну кабыл алганы айтылды.