«Кош бойлуу кезимде УДИге барсам эгиз экенин айтты. Аябай кубандым. Тун балдарыбыз Адила менен Бади да эгиз. Экинчи ирет эгиз перзенттүү болот экенбиз деп сүйүндүм. Бирок, кубанычым көпкө узаган жок. Эки айга жакындап калганда врачтар эгиз түйүлдүктүн бирөө ичимен өлүп калганын айтышты. Экинчисин да алып салыш керек деп кеңеш беришти. Көзүмдөн жашым куюлуп, эмне дээримди билбей жатсам бир врач келип, «төрөйүн деп пландадың беле?» деди. Башымды ийкесем, «Эки ай биздин көзөмөлдө болосуң, өлүп калган түйүлдүктүн зыяны тийбесе төрөйсүң, болбосо алдырууга туура келет»деди. Үмүт үзүлбөйт экен. Эки ай ичимден сызып күттүм. Врачтар баары жакшы, өлгөн түйүлдүк кургап баратат, экинчиси жакшы өсүп жатыптыр» деп төрөгөнгө уруксат беришти. Бирок, ичимден дүпөйүл болуп, «Балам жарык дүйнөгө келгенде кандай болоор экен? Ден соолугу таза болобу же жокпу? Акыл-эси толук жетилээр бекен?» деген сыяктуу миңдеген ойлор тынчтык берген жок. Тогуз ай өтүп, операцияга киргенде жүрөгүм дүкүлдөп, балам майып болуп төрөлүп калса кантем? деп тынчсыздандым. Белиме, жүлүнгө наркоз берип, операция жасашты. Бакырып ыйлап кызым төрөлдү. Ооруну сезбегеним менен баарын көрүп жаттым. Врач кызымды кучагыма алып келгенде дароо бетин, колу-бутун карап, жеңилдей түштүм. Өзүмдүн ден соолугум, операциядан кийинки сыздаткан оору унутулуп, кызымдын ден соолугун текшерттим. Баары жакшы» дегенди укканда гана тынчтандым. Өспөй калган түйүлдүк эч кандай зыян бербегенине сүйүндүм. Кудайга шүгүр кылдым.
Атасы таза, ыймандуу кыз болсун деген тилек менен Аруужан деп ысым берди. Аруужан азыр 2 жашта. Бирде кыргызча, бирде орусча сүйлөп, англис тилде мультфильм көрүп, бал тили менен баарыбызды кубантып жүрөт. Кудайыма миң мертебе шүгүр! Эки айлык түйүлдүк кезинде коркуп алдырып салсам азыркы кубанычыбыз, бактыбыз болмок эмес. Кызыбызга жараткан өмүр бергенине ыраазымын. Бактылуу бол Аруужаным!!!».
Автору журналист Бурул Мусабекова, социалдык тармактагы баракчасынан алынды.