Үйлөнгөндөр менен бирге отурсам, бойдок кезин тамшануу менен сүйлөдү.
***
Бойдоктор менен отурсам үй-бүлөлүүлөрдүн жашоосуна көз артып сүйлөдү.
***
Бай менен отурсам, бекерчилерге суктанып сүйлөдү.
***
Кембагал менен отурсам, жокчулукту ашата сөгүп, байлыкты арзуу кылды.
***
Билимдүү менен отурсам, караңгылыкта өткөргөн мезгилине наалыды.
***
Билимсиз түркөй менен отурсам, илим албаганына өкүндү.
***
Карыя менен отурсам жаштыкка, балалыкка куса болуп сүйлөдү.
***
Наристе менен отурсам «Качан сиздердей чоң болом?» – деди.
***
Өзүм жалгыз калганда жүрөгүмө жогорудагылар тууралу сүйлөп бердим. Жүрөгүм айтты: «Бардыгы тең жакшылыктын үстүндө. Бирок, аларда Алланын жазган тагдырына ыраазычылык жок» – деди.
***
Алла баарыбызга топук, канаат насип этсин. Амийин!
***
Табиятта эч нерсе өзү үчүн жашабайт;
***
— Арык өзүндө аккан сууну ичпейт.
***
— Дарактар өз мөмөсүнөн жебейт.
***
— Күн өзү үчүн нур чачпайт.
***
— Гүлдөр өзү үчүн гүлдөбөйт.
***
Керек болсо инсандар да «Мен өзүм үчүн жашайм» – десе да, баары бир кимдир бирөөлөр алар үчүн жашоонун маңызы.
***
Кээ бирөөлөр жашооңо белек болуп келет, кээ бирөөлөр сабак болуп… Белек болуп келген адамды абайлап, асырагын.
***
Ал эми сабак болуп келген адамдан таалим ал.
***
Жашооңдо кандай инсан болбосун, аны жаман көрүп, аны менен таанышканына өкүнбө.
***
Анткени, жакшы адамдар сага бакыт алып келсе, жамандары тажрыйба берет.
***
Алардын эң жамандары сага сабак берсе, эң жакшылары эскерүүгө айланат.
Автору Каттабек Шамшиев