«Мен деле балконская болчумун бир кезде. Анан авантюрага кабылдым. Бишкектеги үйүмдү таштап, периферияга кетип калгам бир кезде. Үйүм бар болчу, Фрунзенин борборунда, атам чоң кызматта иштеп алган Ленин проспектисинде. Мен аларды таштадым, айылга кеттим. Атам-апам шок болушкан: «Ай, сен кайда баратасың? Эми сен аяктан күйөөгө тийип кетесиң да?». Уккан жокмун, айылдын бир мектебине орус тили мугалими болдум, Көлдөн. Калды Фрунзем, досторум, жыргал жашоом калды, Фрунзенин Ленин проспектисинде, филармониянын жанында, күндө салам берген, бир үйдө жашаган академиктер, профессор, атактуу окумуштуулар (силер аларды көрбөй калдыңар), биздин окумуштуу кумирлер Фрунзеде калышты. Мен кеттим айылга, «сельская учительница» болуп.
Айылга баргандагы жыргалым — тил үйрөндүм, элиме жакындадым. Бул бир өзүнчө Фортуна болду мага. Окуучуларымдын мага » эжей» деп айткан сөзү өзүнчө ырахат болду. Бирок тиякта, Фрунзеде үйүм, ата-энем, шаарым, бир туугандарымды сагынып жүрдүм. Өзгөчө, ысык суусу бар ваннамды сагындым. Бирок чыдадым. Караколго мончого барып жүрдүм. Ал кезде Каракол мага Москва, Рим, Рио де Жанейро көрүнчү. Түптүн бир эле мончосу бар эле го?
Анан бир жыл чыдап, үйүмө качып кеттим.
Мен борборумду азыр деле сагынам. Азыр деле үйгө баргым келет, ыш каптаса да, үйгө баргым келет.
Силер билбейсиңер, Родина деген эмне экенин, мен билем. Мен Бишкегимди сагынам, мен анын номур бешин бүткөм, мен ал жерде жашагам, чоңойгом. Азыр атам да, апам да жок, бирок алар ошол борбордо жашап, ошол шаарда алардын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө коюлган. Бутум басып, көзүм көргөнчө Бишкек менин шаарым боло берет!
Кийин ошол периферияга дагы алты жыл мугалим болуп иштедим. Окуучуларым билимдүү, сонун инсандар болушту.
Балким балконскийлер, билимдүүлөр, мага окшоп айылга бир-эки жыл барса, билимибиз жогорулайт беле?
Трудовой десант кылсакчы?
Билимди жер-жерлерде бере баштасакчы?
Чыдайсынарбы? Бирөө бир жыл барса, анын ордуна башкасы келсе, балким эртең билим денгээлибиз ордуна келээр?…
Мен карыдым. Бирок убагында мындай кадамга баргам. Айылдарга карайлы, билим бере баштайлы. Шаарда, борбордо жашай берип, айылдыктарды «мырк» дегенден эч нерсе чыкпайт. Мага окшоп жети жыл болбосо да, бир жылдан барып, элеттин билимин жакшыртууга салым кошпойлубу?
Алдыга жылбайлыбы?».
Автору Mirgul Omuralieva