АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого байланыштуу билдирүү таратты.

Анда төмөнкүдөй деп айтылат:

«Америка Кошмо Штаттары 10-январда орун алган президенттик шайлоого активдүү катышкандыгы менен кыргыз элин куттуктайт. Борбордук шайлоо комиссиясына COVID-19 пандемиясынын сыноолоруна карабастан, шайлоону жакшы деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары Бюросу (ДИАУБ) узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүү миссиясын жүргүзүп, добуш берүү айрым олуттуу мыйзам бузууларга карабастан, тынч өткөнүн аныктады. ДИАУБдун байкоочулар миссиясы шайлоочулар өз добуштарын акылга сыярлык купуялуулук менен бере алгандыгын жана добуш берүү ирээти менен өткөнүн белгилешти.

ДИАУБ ошондой эле бир талапкер пропорциялуу эмес каржылык каражаттардан жана административдик ресурстарды туура эмес пайдалануудан пайда көрүп, натыйжада бирдей шарттар түзүлгөн эмес деп белгиледи, ал эми жергиликтүү “Жалпы иш” (Common Cause) байкоо уюму үгүт өнөктүгүнүн мезгилинде жана шайлоо күнү шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү боюнча көптөгөн ишенимдүү айыптоолорду белгиледи.

Биз Кыргызстандын укук коргоо органдарын учурда колдонулуп жаткан конституциялык ченемдерге жана мыйзамдарга ылайык ушул болжолдонгон мыйзам бузууларды териштирүүгө чакырабыз. Америка Кошмо Штаттарында болгон акыркы окуялар, демократия ар дайым жүрүп турган иш экендигин жана күчтүү, көз карандысыз демократиялык институттарга берилүүнү талап кылаарын экертип турат.

Америка Кошмо Штаттары Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын резиденти болуп шайланды деп тааныйт. Биз демократиялык институттарды чыңдоо, экономикалык өнүгүү, COVID-19 пандемиясына каршы биргелешип чара көрүү жана коррупция менен эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну жана эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн жаңы шайланган президент Жапаров менен иштешүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз».

Булак: Кабар.кж