Белгилүү кинорежиссер “Кыргыз кино кереметин” жаратуучулардын бири, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы “Манас” ордени жана башка сыйлыктардын ээси Болот Шамшиев 80 жашка чыкмак.

12-январь күнү СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин туулган күнүнө карата Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага таланттын кесиптештери катышат. Ошондой эле саат 14.00дө баштала турган эскерүү кечесине анын чыгармачылыгына күйөрмандык кылган бардык каалоочулар чакырылат.

Белгилүү кинорежиссёр Шамшиев “Кыргыз кино кереметин” жаратуучулардын бири. СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы “Манас” ордени жана башка сыйлыктардын ээси болгон.

“Ак кеме”, “Караш-Караш окуясы”, “Сүйүү закымдары”, “Адамдардын арасында”, “Эрте келген турналар”, “Бөрү зындан”, “Снайперлер”, “Фудзиямадагы кадыр түн” жана башка атактуу кинолордун режиссёру болгон.

Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында каза болгон.