Бүгүн, 12-январга карата Кыргызстандын аймагында 115 адам коронавирус жана пневмония менен катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Жаңы катталгандар:

– Бишкек шаарында 47 адам;

– Чүй облусунда 43 адам;

– Ысык-Көл облусунда 12 адам;

– Ош облусунда 5 адам;

– Жалал-Абад облусунда 3 адам;

– Талас облусунда 3 адам;

– Нарын облусунда 2 адам.коронавирус

Бир суткада 3 бейтап көз жумду.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпы 82 495 адамдан коронавирус жана пневмония тастыкталган.