Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады.
«Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Сиз менен биргелешип “Бир алкак — бир жол» долбоорун куруунун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жаатында чогуу аракеттерди жумшоого даярмын», – деп белгиленет куттуктоосунда.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта чоң жетишкендиктерди, өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт-таалай каалады.
КР Президенти кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы