1) Үйдөн чыгып баратканда аялыңызга: «Жакшы сөз айтып» чыгыныз.
2) Үйгө эртерээк келиңиз.
3) Сыртта жеп-ичкендеринизден үйүңүзгө да алып келиңиз.
4) Аялыңыздын ката-кемчиликтерин башкаларга айтпаңыз. Жакшы сапаттарын эстеңиз.
5) Үйүнүздө акча турсун, алар башкаларга муктаж болбосун.
6) Жумушуңуздагы көнүлсүздүктөрдү үйгө келип айтпаңыз.
7) Той же саякатка барганыңызда мүмкүнчүлүк болсо, аялыңызды да алып барыңыз.
8) Үйгө келгенде салам берип, жылмаю менен кириңиз. Үйдөгүлөрүңүз келгениңизден сүйүнсүн.
9) Үйүңүздү Курансыз, китепсиз жана намазсыз калтырбаңыз.
10) Кызганчаак болуңуз, бирок пайдасыз күмөн саноолордон кемчилик издөөдөн сактаныңыз.
11) Мээримдүү болуңуз аялыныз күчү жетпей турган иштерди буюрбаңыз. Керек болгондо ага жардам бериңиз.
12) Чечим кабыл алганда аялыныз менен да кенешиңиз.
13) Аялыңызга белек берип туруңуз.
14) Дүйнө иштерине берилип акыретти унутпаңыз. Дин жана адамзат үчүн кызмат кылууну унутпаңыз.
15) АЗ ГАНА АДАЛ АКЧА, КӨП АРАМ АКЧАДАН МИҢ МЕРТЕ ЖАКШЫ! АРАМ ТАМАК ЖЕБЕҢИЗ, АЯЛЫҢЫЗ ЖАНА БАЛДАРЫҢЫЗГА ДА ЖЕДИРБЕҢИЗ!
Интернет булактарынан алынды.