Кымыран (көк суу) менен денени/ички органдарды тазалоо
Арыкташ керек эле…
Химикалык же чөп дары ичсем деле таасири болбой жатат…
Тамак жебей, суу ичсем деле семирем…
Ичим көп катыйт…
Денемде оордук сезем…
Маанайым эч көтөрүлбөйт… жана ушундай сыяктуу башка арызданууңар болсо, окуганды улантыңыз
Ичеги-карын – боордун иштөсүү, теринин жана дененин ден-соолугу көз каранды болгон тамак сиңирүү тутумунун эң маанилүү бөлүгү.
Адамдын ичегиси карындан арткы тешикке чейин созулуп, ичке жана жоон ичегиден турат. Ичке ичеги ич көңдөйүнүн ортосунда жайгашкан, узундугу 5–6 мге жетет. Ал анатомиялык түзүлүшү боюнча 3 бөлүккө (он эки эли ичеги, ичке ичеги жана майлуу ичеги) бөлүнөт. Ичегинин керегеси (капталы) үч катмардан турат. Ички былжырлуу катмары майда түктөр (ворсинка) менен капталган. Бул түктөр тамак маңызын сорот. Алардын түбүндө ичеги бездери жайгашат, ал бездер бөлүп чыгарган зил жана ферменттердин таасири менен карында эрип үлгүрбөгөн белок, май жана углеводдор толук ажырайт.
Ичегиде тамак-аштын ажыроо жана анын органикалык жана органикалык эмес заттарын, ошондой эле суу, туз ж. б. сиңирүү процесстери жүрөт. Ичке ичегиде белок, май, углевод, нуклеин кислоталары ж. б. ферменттик ажыроого учурайт. Анда аминкислоталар жана моносахариддер сиңет. Жоон ичегиде негизинен тамак калдыктарынын жылышына жана коюулашына жараша заң пайда болот. Анда К жана В витаминдери пайда болуп, ичке ичегиден калган тамак калдыктарынын суюктугу кайрадан сиңип, канга өтөт.
Ичеги-карын өтө назик болот. Туура эмес тамактануу, көп дары ичүү, стресс жана жугуштуу оорулар ичегилердин микрофлорасын оңой эле бузуп койот. Ал бузулганда ичегилерде шлактар топтолот, иммунитет төмөндөйт, ичилген тамак аш, дарылар сиңирилбейт, таасир бербейт, безетки жана башка көйгөйлөр башталат. Ошондуктан тамак сиңирүү органдарынын ден-соолугуна көз салып, мезгил-мезгили менен тазалап туруу керек.
Дененин тышы суу менен тазаланса, ичи деле суу менен тазаланат дегендей, Кыргыздар илгертеден бери көп ооруну Көк суу же Кымыран менен айыктырчу экен. Бул ыкманы мурда элдин баары эле билсе, кийин табыптар гана билип калган экен. Мисал апам бала кезинде айылында кара тумоодон Кымыран ичип айыгышчу экен, а кийин современная медицина өнүккөн сайын, фармацевтика акча табуунун чоң жолу болуп кеткендигине байланыштуу апа аталарыбыз билген, бизди дарылап айыктырып алган эски ыкмалар четке кагылып, унуттурулган экен…
Изилдеп көрсөм биздин Кымыран водное голодание экен, бирок бир канча кун боюнча суу гана ичилгенде жүрөк айланат, кускун келип, окшуп сууну көргүң келбей калат… Албетте жемиш ширелери менен да фруктовое голодание кылса болот, бирок жемиштерде шекер бар, ачка калган дене ал шекерди топтоп алат. Анын үстүнө, сиз ачка калууну таштап кайра тамактанууга өткөндө, дене кайра ач калышым мумкун деген ой менен жеген ар бир нерсенизди шашып бышып топтоп, кайра бат эле семиресиз…
А Кымыран антпейт экен, андан тышкары Кымырандагы сүт, организмди өтө зарыл болгон нерселер менен камсыз кылат, жүздө жүз пайыз ачка калтырбайт (буларды мен эмес — тажрыйбам айтып жатат
Кымыранды даярдоо учун жаңы кайнаган 0,5 литр сууга 2 аш/тамак кашыгы чийки уй сүтү кошосуз да, жай баракат жатып алып ысык ысык ууртап, бүтүргөн сайын улам улам кайра кайра эртеден кечке чейин башка эч нерсе ичип жебей, тердеп Кымыран гана ичесиз. Түндө ичпейсиз, жебейсиз, тынч эле уктайсыз. Ошентип ичегилериңиз баштап бүт денеңиз тазаланат, шлактар жуулуп чыгат.
Күндө канча маал ичесиз? Ар бир 0,5 литр Кымыранды бүтүргөн сайын улум улам даярдап эртеден кечке чейин. Бирөөнү бүтүрүп экинчисин, аны бүтүрүп үчүнчүсүн…. ошентип эртең менен баштап кечке чейин ичесиз.
Канча күн ичесиз? Эч оорум сыркоом жок, жөн эле тазалануу, анча мынча арыктоо үчүн ичет элем десениз 1, 3 же 7 күн ичиңиз. А жок, мен дарылануу үчүн ичет элем десениз, оорунун татаалдыгына карата 21, 41 же андан көп күн ичиңиз (мисал Тургун ава 65 күн кымыран гана ичип рактан айыккан экен).
Кымыранды жаштар гана эмес карылар деле көтөрөт. 1 күн таянсаңыз, калган күндөр жеңил өтөт. Орозо кармаганда болгондой эле 1.инчи күн балким башыныз ооруйт. Мунун себеби дене топтоп алган запастарын короткусу келбей даяр тамак сурайт, баш ошондон ооруйт. Андан кийин тыштан тамак берилбейт экенин түшүнөт да запастарын колдоно баштайт. А запастары эмне? Көбүнчө жировые отложения — топтоп алган ашыкча май… Өзүн тамактандырам деген дене ошол ашыкча нерселерди жибитип, керектүүсү менен тамактанып, керектүү болбогон нерселерди тышына чыгарып баштайт, анткени топтоп алган нерселердин ичинде жалгыз гана пайдалуу эмес, пайдасы жок нерселер да болот.
Үй иштерин кылып жүрүп иче берсек болобу?
Эч оокат жасабай жатып алып ичсеңер жакшы болот, анткени тердеш да керек, денедеги керексиз нерселер тер менен да чыгат. Андай мүмкүнчүлүгүм жок, жатып иче албайм десеңер, жай жайдан оокатыңарды да кыла бергиле, бирок тердеп атып сыртка чыга калам деп суук тийгизип албагыла. Анча мынча алсыздык болду деп эс учуңарды жоготуп жыгылып кылбагыла, кескин кыймыл жасабагыла, этияттык менен, жай жай кыймылдагыла (орозо кармаганда деле ошондой кыймылдаш керек).
Орозо кармаганда жалгыз гана ооздун жалгыз гана тамакка жабык болушу жетишсиздик кылат. Оозду тамакка жапкандай эле, адам колуна да, белине да, тилине да, көзүнө да, сөзүнө да, ойуна да этияттап, баардык кыймыл аракетине ээ чыгыш керек.
Ошондуктан ДЕНЕМ ГАНА ЭМЕС АҢ-СЕЗИМИМ ДА, РУХАНИЙ ДЕНЕМ ДА ТАЗАЛАНСЫН ДЕСЕНЕР, Кымыран ичип денеңерди тазалап жатканда рухуңарды да тазалаганды, билимиңерди, илимиңерди да өнүктүрүп өркүндөтүүчү нерселерди жасаганды унутпагыла, Анткени аң-сезим денеңиз тазаланмайынча, физикалык денеңиз кайра кирдейт, айыкпайт, ооруй берет.
Бул ыкма нукура Кыргыздын ыкмасы, ошондуктан Кыргыздын ДНКсына жаккан Манас угуу, Манас китебин окуу, Кыргыз күүлөрүн угуу, залкар Кыргыз жазуучуларынын китептерин окуу, деги эле Кыргызчылыкка, Кыргызга тиешелүү нерселерди көрүү, угуу, окуу — денелик тазаланууну да руханий тазаланууну да ылдамдатат, сизге жардам берет.
Кымыран ичүүнү токтоткондон кийин, көнүмдүк тамактанууга жай жай өтүңүз. Бир отурганда толтура жеп ичип албай, бир канча күн жеңил сорполор, жеңил тамак-аш менен тамактангыла.
Денем кайрадан ууланбасын десеңер (жумада, айда, жылда бир болобу) Кымыран ичип тазаланууну туруктуу адат кылып алгыла. Өтө майлуу эттерден, отко чыдамдуу майлардан, өзүңөр үйдө жасабаган консерваланган азыктардан, ышталган эттерден, колбасалардан, маринаддардан, соленьелерден, кола, фанта, чипсы, алкоголдук ичимдиктерден, деги эле пайдасыз тамактардан, азыктардан алыс турганга аракет кылыңыз (жаныңар өтө эле тартса ченемдүүлүк менен аз жеп ичсеңер болот). Тең салмактуу, туура тамактанып баштаңыз. Оозуңарга да, колуңарга да, белиңерге да, тилиңерге да, көзүңөргө да, сөзүңөргө да, оюңарга да ээ болгонду улантып, өзүңүздү, терс эмоцияңарды башкарып жашай баштаңыз. Сиз өзгөрсөңүз жашооңуз да, дүйнөңүз да өзгөрөт.
Ошентип Кымыран менен денеңизге айыгуу үчүн түрткү берип алгандан кийин…
Билесиз, адамдар чың ден-соолук үчүн күнүнө 2 — 2,5 литр суу ичиш керек. Эгерде өзүңүз байкабай ашыкча тамактанганга көнүп алган адам болсоңуз, күн ичинде жөн суунун ордуна Кымыран ичсеңер, туруктуу ачкачылыкты (чувство постоянного голода) көп сезбей каласыз, ошондуктан көп жеп семирбейсиз.
Ден-соолук жөнүндөгү ар бир нерсе үчүн врачтарга кайрылып кеңеш алуу керектигин унутпаңыздар.
Орустар айтыптыр, врачтар үч категорияга бөлүнөт экен: Кудайдан врач, Кудай колдосун врач, Кудай сактасын врач (врач от Бога, врач — ну, с Богом, и врач — не дай Бог!) деп…
Врач болобу, башка адис болобу, жөн эле бирөө болобу, Кудай баарыбызды жакшылар менен гана жолуктурсун, кайра көрүшкөнчө сак саламатта болгула
 Автору Анара Доолот