Бир күнү жаш, сулуу, чоочун бир кыз ыйлап, акылмандын үйүнө кирип келди.
Мындан ары кантип жашоону билбей калдым… аянычтуу үн менен сүйлөдү. Өмүр бою өзүм күткөндөй мамилени алуу үчүн адамдарга жасалмасыз, чын жүрөктөн мамиле кылдым. Өзгөдөн эч нерсе үмүттөнбөдүм, күтпөдүм. Колумдан келишинче жакшылык кылдым. Бирок бул аракетим мени арсыз көрсөтүп, текеберлердин төмөн көз карашына дуушар кылды. Ишенимим жоголду, аябай чарчадым. Айтыңызчы, эмне кылсам болот?
Даанышман сабырдуулук менен угуп турду да:
Чечин… Кийимдериңди бүт чечип, жылаңач көчөгө чык, шаарды айлан — деп камырабай айтты.
Кечиресиз, туура эле угуп жатамбы? Мени шылдыңдап атасызбы? Акылыңыздан тайып калган окшойсуз. Мен жөнүндө эмне деп ойлогонуңузду билбейм бирок мен мындай деңгээлге жете элекмин… Менин сырткы көрүнүшүмдөн чөйрөнүн оюу кайсы жакка өзгөрөрүн билесизби? Балким арасынан кимдир бирөө боору ооруп жардам берет. Кимдир бирөө кагып, силкип жемелейт.
Акылман ордунан туруп эшикти ачты да, столдун үстүнө күзгү койду.
Сен кийимсиз көчөгө чугуудан зааркандың, а эмне үчүн жылаңач жан дүйнөң менен бул ааламда жүрүүдөн уялбайсың? Кудум тиги бекем кулпуланган эшиктей. Эмне үчүн көрүнгөн, туш келди адамды көңүлүңдүн эшигине кое бересиң? Сенин жан дүйнөң столдо турган күзгү сымал. Андан кандай элести көрө алсаң өзгөдөн да ошол элести көрөсүң. Ал эми сен айткан адамдар эчак эле көңүл кампасы жаман, кара ойлорго толтуруп бүтүшкөндүктөн түрү суук элести гана көрө алышат. Сенин руху таза инсан экениңди тан алууга ишенимдери, күч кубаты жетпейт, өзгөрүүнү каалашпайт.
— Анда менден эч нерсе көз каранды болбосо, бул абалдан кантип чыгамын, — деп сурады сулуу.
Жүрү артымдан, сага бир нерсе көрсөтөмүн. Көрдүңбү бул бакты. Көп жылдан бери кам көрүп, жакшы карайм. Гүлдөрүмдүн кооздугуна суктанып, аңкыган жыпар жытына маашырланам. Бирок ушул убакка чейин кантип бүчүр ачып, өңүнү өзгөрткөнүн көргөн эмесмин. Ошондуктанбы, күн сайын кереметтүү сулуугу көз жоому алып, кызыгуу жаратат.
Демек, кызым табияттан тарбия алууң абзел. Байкасаң, бул укмуштуу гүл эч ким маани бербеши үчүн кандай гана этияттык менен жүрөгүнү абайлап катып алган. Сен да ушул гүлгө окшоп, көңүлүңдүн ички кайрыктарын жакшы инсандарга гана ач. Сенин жалбырактарыңды үзүп, бут астына таштагандардан алыс кет. Жапайы чырмооктор, сенин деңгээлиңе чейин өсө элек. Аларга эч кандай жардамдын кереги жок.
(lifesek.ru сайтынан орус тилинен кыргызчага которулду. Б.Ильязова)