Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 92 адамдан табылып, андан сырткары, Бишкектеги ооруканада дарыланып жаткан бир бейтап каза тапты. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Ал эми 177 адам оору менен алышып, COVID-19 инфекциясынан айыгып кетти. Учурда дарыгерлер карап жаткан бейтаптардын ичинен 44 адамдын абалы өтө оор экени маалым болду.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 51;
Ош – 9;
Чүй облусу – 10;
Ош облусу – 5;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу – 1.
Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери жалпысынан 82 587 адамга жуккандыгы айтылды.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

Бишкек – 51;
Ош шаары – 7;
Чүй облусу – 53;
Ош облусу – 10;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 26;
Жалал-Абад облусу – 8;
Баткен облусу – 10.
Республикалык штаб COVID-19дан айыгып кеткендердин жалпы саны 78 358 деп билдирди.

Стационарда учурда 810 бейтап дарыланууда:

11 адам – канааттандырарлык абалда;
514 – орточо оор;
241 – оор абалда;
44 – өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда 1 113 бейтап бар.