Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы маалымдады.

“Азыркы учурда тарых, маданий салт-санаа, демократия, адам укугу менен эркиндиги сыяктуу жалпы баалуулуктарга негизделген Монголия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мамиле менен кызматташтык бекемделип барат. Сиз менен мындай мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүүдө тыгыз кызматташтык улантыларына толук ишенем”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Халтмаагийн Баттулга Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ишине албан-албан ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине өсүп-өнүгүү менен катар бардык жакшылыктарды каалады.