Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин кызмат адамдары тарабынан мамлекетке 7,2 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

КР өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн текшерүүдө, аталган ведомствонун жооптуу кызмат адамдары тарабынан 2018-2020-жылдары курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптары бузулуп, жеке жана юридикалык жактарга дары өсүмдүктөрүн терүү үчүн уруксат кагаздарын берүүдө мыйзам менен белгиленген төлөө акылары толук ченемде өндүрүлбөй, аталган өсүмдүктөр чет өлкөлөргө чыгарылып кеткендиги аныкталган.

Натыйжада агенттиктин кызмат адамдарынын мыйзамсыз кыймыл аракеттеринен улам мамлекетке 7 290 488 сом зыян келтирилген.

Андыктан 2021-жылдын 4-январында Башкы прокуратура тарабынан текшерүү материалдары КР ЖКнын 320-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.