Жашым 42де, күйөөм быйыл 44кө чыгат. Үч жыл мурда жолдошум башка менен табышып алганын билип калдым. Өмүрүңдү, жашооңду арнап койгон адам мындай кадамга барса жаман болот экенсиң. Өлүп калайын дедим. Канча уруштук, үйдө жаңжал, уруш-талаш көп болду. Күйөөм танган жок, баарын мойнуна алды, бирок токтотконун айтып менден кечирим сурап келет.

Эми ага болгон ишеничим жоголуп кетти. Ишенбей калдым, ишенбейм дагы. Жаныман артык көрөм, сүйөм, бирок ишенбейм. Күйөөм жок мага жашоо кызыксыз. Албетте, анын жанымда болушун каалайм. Эч кимге ыраа көрбөйм. Ортобузда 5 бала бар, кичүүсү алты айлык. Улуу кыздарым турмушка чыгып, неберелүү болгонбуз. Аларга алаксыйм, бирок күйөөм жумушка кетсе деле, көчөгө чыкса деле башкага кеткендей, баягысы менен жүргөндөй туюла берет.

Ар бир айткан сөзүнөн күмөн санап, эмне мааниде айтты болду экен деп ойлоно берип чарчап да бүттүм. Өзүмдү эч бир колго ала албай койдум. Эч нерсеге көңүлүм жок, тамак да ичким келбейт. Аябай кыйналып кеттим.

Мен эми өмүр бою ушинтип каламбы, жашообуз эмне болот, мен эмне болом?..

Интернет булактарынан алынды.