Бүгүн, 13-январда Бишкекте “Алтуха” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Алтынбек Ибраимов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтар боюнча, криминалдык иерархиядагы маанилүү позициянын бирин ээлеген “Алтуха” УКТнын иш-аракеттерине каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө кармалган.

“Кармалган адамга карата анын кылмыш иштерине катыштыгы бар экендиги боюнча зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат билдирүүдө.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин “Алтуха” ИИМге профилактикалык маектешүүгө чакырылган.