Азиз Исмаилов 1984-жылы 3 — декабрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда туулган. Мектеп учурунда талма оорусуна кабылат. Андан кийин 10-класста кант диебетине чалдыгат. Тагдыр ушундай катаалбы же сыноону бергенден аянбайбы, талма менен алшып жүрүп каарманыбыз бир бутунан ажыраган. Канчалык кыйнчылык башка түшкөн сайын адам баласы чыйралып баштайт экен, китептерди көп окуймун деген Азиз өзү тууралуу азын оолак сөз куруп берди.

«Негизи мен 8-класста эне мээриминен ажырадым, апамды жоготуп алдым. Анан 10-класста кант диебети жана талма оорусуна чалдакканмын. Ошол себептен үйдөн эч жакка мени чыгарышчу эмес. Ооруканага барып жүрдүк, барбаган оорукана калбады. Кийинчерээк 11-класста талма оорусу  кайра кайталанды. Атамдын жумушуна байланыштуу шаарга Бишкекке келдик. Ал жерден да ооруканалап жүрүп,чоң окуу жайда окуганга мүмкүнчүлүк болбоду.

Китептерди окуп турамын, көбүнчө адабий жана диний китептерге басым жасаймын. Ошентип эпилепсия менен алышып жүрүп бутум ириңдеп (гной), 2014-жылы 4 жолу операция жасалып ,сол буттумдан ажырадым .Ал күн мен үчүн жашоомдун эң эле оор күнү болду.   Кайра эстегим келбейт. Жаңы операция болуп, бутум кесилген учурда адамдарга,досторума,туугандарга дегеле баарына кошула албай, кошулгум келбей жүрдүм. Мындан кийин  ушинтип майып болуп калдымбы деп кыйналдым. Айла жок, эми бул да босо тагдыр ,Алланын берген сыноосуу,тагдырга эмне жазылса ошону көрөбүз. Башында ыйлап, жанымды кыйгым келген. Кудай сабырдуулук берди. Сабырдуулук менен көп нерсени жеңсе болот. Операциядан деле кыйналган жокмун.Бутумду ириңден тазалагандан кыйналдым, теринин ичинен бинт менен тазалаганда кыйынга турчу. Жалгыздык бул аябай жаман нерсе экен.Байкемдер менен турамын, жардамдашып каралашып турушат. Ар кандай адамдар болот, дүкөнгө чыкканда же болбосо коомдук транспортто досторум, жакындарым, жардам беришип турушат»,-дейт.

«Азыр айына 2 миң 400 сом жөлөк пул алам. «Иштебепсиң, үлүш жериң жок экен»,- деп пенсия чыгарышкан жок. Өкмөткө кайрылсак Социалдык коргоо бөлүмү жөлөк пулду көбөйтө албастыктарын айтышкан. Азыркы учурда коляскам бузулуп, бир топ кыйынчылыктар жаралып жатат.

Бир бутум иштейт, ал дагы сөөктөргө ажырап туура эмес бүтүп калган. Дарыгерлердин айтымында буттарымды аяп эле коляска менен  жүргөнүм жакшы экен. Протез менен жүрсөң экинчи бутуна күч келип шишип кетет дешекен. Мен ар дайым дарыланып турбасам буттарым шишип кетет. Коляска менен эле жүрөмүн.Бирок коляскамда бузулуп ,кыйыналып калдым.Жаңы коляска алып алсам деп акча чогултуп жаткан элем.

Ойлор көп, ишке ашыруу кыйынга турат.Негизи жардам сураганды жактырбаймын,сурабаганга аракет кыламын. Адамдар мени кандай болсом ошондой кабыл аларын күтөмүн.Мүмкүнчүлүгү чектелген дегенде ден соолугунун бир жери же болбосо эки жери чектелиши мүмкүн, бирок башка адамдар сыяктуу эле кабыл алынса туура болот. Азыр жакшы эле, кээде дары-дармекке муктаждык болуп калат.Айыгып кетсем, бир кайрымдуулук фондун ачып, мүмкүнчүлүгү чектелгенгендерге, балдар үйүнө, карылар үйүнө жардам берейин деген кыялдарым бар. Адам оорууну же болбосо кыйынчылыкты башынан өткөрбөсө, көп нерсени  түшүнүүсү кыйынга турат »,- дейт Азиз Исмаилов.

Жогоруда өзү айткандай,  турмуштан көп сыноону көргөн каарманыбызга жардам колун созгусу келип, кайдыгер карабаган замандаштарыбыз үчүн  Азиздин Элсом номуру 0552884882.