Атам кайтыш болгондон кийин апамдын да ден соолугу сыр бере баштады.
— Бул үйдө же апаң турсун, же мен турайын! Чарчатты абдан!
Өткөз тиги карылар үйүнө! Ошол апаң үчүн мына үйдө күндө уруш. Берекебиз кетти. Чалынын артынан неге кетпеди экен ушу…
Өткөзбөсөң бала-чаканы жыйнаймын да кетемин. Калгыла апаң экөөң!!!
Арадан бир ай өттү. Аялымын кабагы ачылбады. Балдарды да атайлап ыйлатат. Апама атайлап сууган чай, даамсыз тамак берет.
Жумушта болчумун. Улуу уулум телефон чалды. «Тез келиңизчи, өрттөнүп атабыз» деп. Алып учуп үйгө жеттим. Апам өзү тамак жасаймын деп аш бөлмөдө өрт чыгып кетиптир. Жер үй болгон соң сыртка чыгып үлгүрүптүр. Аялым да менин артыман жетип келди.
— Болду жетээр! Каяка апарасың, билбейм! Бир күнү мына түрү менен баарыбызды өрттөйт. Жапжаңы мебелимди курутуптур!
Бир жагынан аялымдыкы да дурус чыгаар. Биз үйдө жок кезде жалгыз калат. Эртең үйдү өрттөп жиберсечи.? Андан көрө карылар үйүндө жагдайы жакшы болот.
Мен ушул чечимге токтодум. Арадан бир аз күн өткөзүп апам менен сүйлөштүм.
— Бир-эки айга сизге санаторияга путевка алып келдим. Дем алып, кичине ден соолугуңузду түзөп кайтаарсыз..
— Мага мында да жакшы го, балам. Ал жерде ахыбалым кандай болоор экен. Силер жумуштасыңар, мына үйгө да баш-көз боло турган адам керек. Баарын койчу, ал жакка кетсем кичинекейим Эрмектайымды сагынамын го…
Эрмектай деп отурганы эң кичинекей небереси. Энеси менен бирге уктайт, ансыз тамак ичпейт. Экөө бири-бирине ошондой боор басып калган.
Ары айтып, бери айтып а кишини акыры көндүрдүм. Апамдын эки сумка заттарын сумкага салып жатканда Эрмектай чоң энесинин колунан тартып «кетпечи, кетпечи» деп ыйлаганы али көз алдымда. Апам да аны кыйбай бет аарчысын кармап, көз жашын сүртүү менен болду. «Чоң энең догдурга барып келсин азыр. Анан сага көөп жомок айтып беремин. Кулунум менин, күтүп жүр, мен келемин, кулунум…»
Бала жүрөк энесинин эми кайтып келбегенин сезгендей… Машинанын артынан бир аз жерге чейин ыйлап жүгүрдү. Ооба, периште жүрөк баарын да сезди, баарын….
Апамды атың өчкүр карылар үйүнө келгенде гана кайда келгенибизди айттым.
— Эрмектайым ошон үчүн жибергиси келбеген экен да… Жакын адамынын келбеске кетип жатканын сезген экен го… Билемин балам, мен үчүн келин менен көп уруша турган болуп кеттиңер. Ошондой чечкен экенсиңер айла жок, көнөмүн… Калтырып кет мени… Бирок бир гана өтүнүчүм бар… Эрмекти алып келип тургула. Көзүмдүн тирүүсүндө маңдайынан жыттаа турайын. Эртең өлгөн соң…
Сөзүн аягына чейин укпай эшикке чыгып кете бердим. Машинеме жеткенче жүрөгүм катуу кысылды. Үйгө келдим. Эрмегим алдыман жүгүрүп чыкты. Көзүнөн «чоң энемди кайда апарып таштадың» деген суроону байкадым…
Аялыма апамды карылар үйүнө өткөзүп келгеним майдай жакты. Жаны жай таап, кыңылдап ырдап, көңүлдүү жүрөт. Соңку айда өмүрү жебеген тамактардын түр-түрүн жасап салды. Бирок табитим жок. Күрсүнө берем, күрсүнө берем.. Апамдын орду катуу билине баштады. Эрмек да энесин күндө сурайт. Бир күнү аны чоң энесине алып бардым. Бизди көрө сала Эрмектайды катуу кучактап алды.
– Кулунум, жарыгым менин. Чооң жигит болуп кетиптир өзү. Карачы, чоң энең сага көөп кампит жыйнап койду. Ме, ала гой, каралдым…
Апам жаздыгынын астынан бир ууч конфеттерди алып берди. Ыйлап турду, небересин көргөнунө кубангандыктан…
Кетээрде Эрмек энесинин жанында каламын деп ыйлады. Чоң энеси жаткан керебетти жибербей кармап алган.
— Эрмектай, кулунум, сен үйгө кете бер, макулбу? Мен эртең барамын… Акылдуум менин, чоң жигиттер ыйлабайт. Кана, папаң менен бара гой….Балапаным.
Үйгө келген соң мындай болбош керек деп ойлой бердим. Апамды карылар үйүнө керексиз адамдай апарып таштадым. Не үчүн? Аялымын сөзүнө ээрчидим, кетем дегенинен корктум. Мен коркокмун! Жок, кандай жагдай болсо да апамды кайра алып келүүм керек! Ушундай ойлор менен үч айдан ашык убакыт жүрдүм. Апамды көрүүгө да бара албадым. Өзүм башкарган фирма банкрот болду, анын арасында жалга алып, иштетип отурган дүкөнүмдү тоноп кетти. Кырсык, чыгын. Эрмек эшик алдындагы талдан кулап, бутун сындырды. Ушунун баары бир аз гана убакыттын ичинде болуп кетти.
Бир күнү жумушта кагаздар менен башым катып отургамын. Телефонума белгисиз номерден коңгуроо келди. Жооп бергенде колуман телефон түшүп калтырап кеттим..
Өмүрүмдөгү эң суук коңгуроо ушул эле. Карылар үйүнөн кабарлашты. Апам өмүрдөн өтүптүр….Бала күнүмдө мектепке миздей кылып кийиндирип жибергени, мугалимдерим балаңыздын сабактан үлгүрүүсү өтө жакшы деп мактаганда, «менин акылдуум» деп маңдайыман жыттаганы, бир күнү өзү көйнөк аламын деп базарга барып, мага көп кийимдер алып келип, атама: «мыналарды көрүп уулубузга алгым келип кетти. Көйнөктү башка бир жолу алаармын» дегени, мен окууга өткөндө мени кучактап катуу кубанганы, үйлөнүү тоюмда кубанычтан толкуп ыйлаганы, баары, баары көз алдыман лента болуп өтүп жатты…
Үйгө келип аскерде жүргөндө амандыгымды тилеп жазган эскирген каттарын, Апакемдин колтамгасы калган сагынычка толгон саргайган каттарын кучактап өкүрүп-бакырып ыйладым….
Өкүнүч тирүүлөй өрттөдү. Эми кеч, мен өтө кеч калдым. Керек болсо жүрөгүнүн соңку сокконун да угуп үлгүрбөдүм…
Которгон  Б.Дүйшөбаева
Интернет булактарынан алынды.