Бишкек мэриясы «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын ишеним телефондору өзгөртүлгөндүгүн маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, эгерде жылуулук жана ысык суу боюнча маселелер болсо, анда диспетчердик кызматка күнү-түнү төмөнкү номерлерге чалып байланышууга болот: 0701 777110 (WhatsApp), 0312 212906.

“Эсептегичтин көрсөткүчтөрүн (айдын 17нен 24үнө чейин): 0504828229 (WhatsApp) номерине жиберип же: 0312 492535 номерине чалыңыздар”, – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ишкана шаардын батыш тарабын тейлейт: Жал кичи району, Газ шаарчасы, Аскер шаарчасы жана Совмин турак жай массиви, калгандарын жылуулук менен Улуттук энергохолдингдин туунду компаниясы “Бишкекжылуулуктармагы” ААК камсыздайт.