Кыргызстанда 10-январда референдумга добуш берүү болуп, анда президенттик башкаруу формасы жеңип чыкты.

Жарандык активист Акан Имановдун айтымында, акыркы 10 жылда парламенттик башкаруу же аралаш системасы өзүн актаган жок.

«Акыркы 10 жылда депутаттар элге кызмат кылуунун ордуна өзүнүн жакын-туугандарынын кызыкчылыгы үчүн иштешти. Ошондуктан эл жөн жерден аларды «чимкириктер» деп атаган жок. Анын баары референдумга өз таасирин тийгизип, эл президенттик башкаруу формасын тандады. Ошондой эле калк депутаттарды партиялык система менен тандоодон чарчады», – деди ал.

Ал эми Садыр Жапаров эмнеге шайлоодо 80% добуш топтоду деген суроого Иманов эл президенттик башкарууну каалап жаткандыгын белгиси экендигин айтат.

«Президенттик башкарууда жоопкерчиликти бир адам алат. Буга чейин эч ким эч нерсеге жооп берген эмес. Пандемия учурунда парламент каникулга таркап кетти», – деп белгиледи активист.