10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаров тууралуу кинорежиссер Төлөбай Өмүрзаков даректүү тасма тартты.

Анда Садыр Жапаровду окуткан мугалими, классташтары ал бала кезинен эле чынчыл, ак ниет болгонун айтышат.

Ал эми Садыр Жапаров өзү кичинекей кезинен эле Москвада өткөн съезддерди атасы менен чогуу кызыгып көргөнүн, аларга окшош депутат болууну каалаганын айтат.

Ошондой эле, ал келечектеги пландары менен бөлүшүп, экономиканы көтөрүүгө, миграцияда жүргөн кыргыз жарандарынын мекенине кайтып келүүгө жана аларга жумуш ордун түзүүгө бардык аракеттер көрүлөрүн билдирди.

“Карапайым калк мени колдоп жатат. Мындан ары да колдой турганына ишенем. Анткени, мурдагы бийликтин катасын кайталап, коррупцияга малынып, өзүм аралашып кетпейм”, – деди ал.

Булак: Кыргызтудей.кж