Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 136 адамдан табылып, 205 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 83;
Чүй облусу – 34;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 2.

Кечээтен бери Бишкекте үч киши коронавирустун курмандыгы болгон.
Азыркы тапта ооруканаларда 806 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 238 бейтаптын абалы оор болсо, 41инин абалы өтө оор деп бааланууда.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 82 723кө жетти. Анын ичинен 78 563ү айыкса, тилекке каршы, 1 378 адам акка моюн сунду.