— Медер мырза, мындан аркы саясий-экономикалык акыбалыбызга кандай божомолдоруң бар? Деги эле жакынкы күндөрү экономикалык оор абалдан чыгуунун жолдорун ача алабызбы?

— Экономикалык жана социалдык абал Кыргызстанда эле эмес, сырткы коомчулукта да абдан татаалдашып кетти. Дүйнө жүзүндөгү супердержава болуп эсептелген, экономикасы эң күчтүү демократиянын туу чокусу болгон Америка кошмо штаттары дагы Covid-19, пандемиянын артынан оор, улуттук кризиске туушугушту. Европалык союздун экономика тармагында эң күчтүү болгон Германия дагы татаал шартка учурады. Бизде эле эмес, дуйнө жүзү пандемиянын айынан оор акыбалга кептелди. Азыркы учурда биз дагы өтө күчтүү державалык мамлекет болбогондон кийин, тилекке каршы, ал кризистин кесепети бизге дагы тийди. Андыктан биздин баардык саясый күчтөр, оппозициялык тарап болобу, баарылап бир келишимге келип, экономиканы ойлошубуз керек. Биз саясатка өтө эле берилип кеттик. Экономикабыз четте калды. Экономика мыкты болмоюнча мамлекеттин жакшы келечеги жок. Биз муну жакшы түшүнүшүбуз шарт. Ошон үчүн азыркы учурда жаңы келген бийлик сөзсүз түрдө биринчиден экономика менен алек болушун өтүнөм. Башка саясий күчтөрдү дагы «экономиканы кантип чыңдайбыз? Кантип мындан ары жумушсуздукту жоёбуз? Кантип мамлекеттин келечегине кам көрөбүз?» деген маселени талкуулап, кимибиз болбойлу, накта кыргыздын жараны болсок, мекенибизди сүйгөн инсандар болсо, ошону ойлонуп, иш алып баруу шарт. Азыр уруша турган, бийлик талаша турган маал эмес. Мындай шартта жаңы келген бийликке элдин ишеними абдан чон болуп турат. Ошол ишенимди акташ үчүн бир жылдык чечкиндүү реформаларды жасоо керек. Биринчи ирет кадр маселеси. Жаңы, булганбаган, коррупцияга катыштыгы жок таза жүздөрдөн, мекенчил инсандардан команда топтолушу шарт.

Коррупция менен күрөш, жумушчу орундарды түзүү, инвестиция жаатындагы көйгөйлүү маселелер күтүп турат. Алар жолго коюлган соң элдин ишеними дагы 3-4 жылга узарат. Кыргыз эли абдан кең пейил эл. Ач калганынан ызы-чуу чыгарбайт. Адилетсиздик орногондо, туура эмес жолго тушкөндүн негизинде эл талапты катуу коет. 30 жылдан бери бийликте жүргөн адамдардын доору бүттү. Бири-бири менен орун алмашып эле Кыргызстандын тагдырын качанкыга чейин чечишет? Алар канча ирет бийликте болушту? Бирок, жыйынтыгын көргөн жокпуз. Мындан ары да болбойт. Ошондуктан кадрдык люстрация бүгүнкү күнгө өтө зарыл болуп турат. Люстрация деп баарын камап салуу эмес, жемкорлорду бийликке келтирбей коюу керек. Кадрдык реформа, андан соң экономикалык реформа зарыл. Учурда супермен келсе да тез арада экономиканы алдыга сүрөп кете албайт. Бар экономикабызды артка кетирбей бир жылдай кармап, андан соң экономика өсө турган багытка кетишибиз керек. Андыктан чечкиндүү коррупция менен күрөш, жаңы инвестициялык долбоорлорду алып чыгууну ойлонуу зарыл. Мындайча айтканда, экономикалык согуш жүрүп жатат. Бул учурда баары бир сөзгө келип, саясий интригаларды, оюндарды токтотуп, жапатырмак тынымсыз иш алып баруулары шарт.

— Мыкты юрист, билимдүү жаш кадр катары өлкөнү оңдоо үчүн кызматка чакырса, кандай кадамга барасың?

— Мага кызматка баруу зарыл эмес. Мен өзүм жаш болсом да, мамлекеттик кызматтарда жоопкерчиликтүү иштерди аркаладым. Өз каалоом менен кеткем. Негизи адам турмушта өз каалоосу менен иштен кетпейт. «Катачылык кылган үчүн өз каалоом менен кеттим» деп арыз жаздырып кетиришет. Менин учурумда андай болгон жок. Жетекчим эки ирет арызымды артка кайтарды. Бирок өз каалоом менен кеттим. Бул турмушта адам болуп жаралгандан кийин Жараткан жашоого бе-ген мүмкүнчүлүктү татыктуу жашап өтүш керек. Кызматтын кулу болуу, эптеп эле жылуу креслого отуруп калуу менин принциптериме туура келбейт. Ушундай оор абалда колуман келе турган, кыргыз элиме жардам берүү демилгемди көрсөтүүгө, акыл-эсиме туура келе турган иш болсо, анда калк үчүн иштеп берем.
Бул тууралуу менин Фейсбук баракчамда көп адамдар «барышың керек» деп жатышат. Азырынча ойлонуп жатам.

— Экономикалык амнистия, жемкорлорду кустуруу боюнча пикириңди уксак?

— Жалпы союздан калган мамлекеттердин баардыгында коррупция маселеси абдан терең жайылган. Коррупционерлер сөзсүз түрдө өз жазасын алышын каалайм. Бул талашсыз нерсе. Ошону менен бирге жөн гана кустура бербестен, кантип коррупцияны болтурбоонун алдын алуучу методдорун ойлонолу. Жалпысынан коррупция боюнча маселеге келгенде мен туруп кол чаап колдойм. Мамлекеттин айынан байыган жемкорлор сөзсүз түрдө жоопкерчилигин тартышы зарыл. Тилекке каршы, мурда коррупциялык иштерге аралашкан чиновниктер азыр деле «саясат кандай болуш керек, Кыргызстан кантип өнүгүш керек?» деген акылдарын үйрөтүп жүрүшөт. Мындай адамдардан арылалы. Кандай гана кыйынчылыктар, тобокелчиликтер алдыда бизди күтүп турбасын, кыргыз башынан мындан дагы оор кыйынчылыктарды өткөргөн жана жеңип чыккан. Мен ишенем, Кудай буюрса биздин Кыргызстаныбыз өнүккөн жана дүйнөлүк саясий картада өзүнүн авторитеттүү ордун тапкан мамлекет болот.

Булак: Азия News гезити