Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын Ош шаарындагы “Ниязалы” атындагы музыкалык окуу жайга директорлук кызмат ордуна соттун чечими менен кайра отуруусу коомчулукта катуу жаратты. ЖМКлар берген маалыматка ылайык, окуу жайдын жамааты Самара Каримованын директор болушуна каршы болуп жатышат. Ошол эле учурда социалдык тармактарда Самара Каримованын бул кызматка татыктуу экенин, ишти алып кетерин, мыкты уюштуруучу экенин билдирген пикирлер арбын. Алардын айрымдарын окурмандарга өүзгөртүүсүз сунуштайбыз.
Бүбуайша Арстанбекова: Ардактуу эже-сиңдилер! Самара Каримовага акаарат келтиргендер уят! Ар бир аялзаты сый-урматка татыктуу!
Асыл Аппасова, продюссер: Самарадай күчтүү менеджер таба албайсыңар.
Жылдыз Мусабекова, Жогорку Кеңештин депутаты: … Самара ийгиликтүү айымдардын катарын толуктайт. Үй бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып жүрүү, ошол эле учурда ар тараптуу иштерди жасоо оңой эмес. Билими, акылы, баскан-турганы, адеби, жөнөкөйлүгү айтор, төрт тарабы шайма-шай. Манас түрк окуу жайын бүтүргөн. Бу окуу жайда окугандар билимдин күчү, касиети кандай экенин жакшы билишет. Жаш экенине карабай ар дайым изденүү, умтулуунун үстүндө.
… Бирок, бир байкаганым Самараны ыгы келсе, келбесе да жаманаттылап, каралап жан сактагандар көп. Же ал ууру болбосо, же мамлекетти тонобосо, же киши өлтүрбөсө, болгону «тажрыйбамды, кызматымды элге жумшайын» деген энергиясы күч карапайым эле кыргыздын кызы да. Биздин кызыбыз, талантыбыз.
… Энесиндей аялдар ажылдап, эркектер жер тепкилеп жатышат. Атайын уюштуруу бардай.
… Акыркы жылдары колунан эч нерсе келбей, көчөдө кыйкырып жүргөндөр эле кызмат мыкчып отурат. Ага караганда Самара кызыбыз элине жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги, таланты ж.б. сапаттары менен элге алынган. Өзүнө жетмек тургай ашкан оокаты бар. «Элимдин колдоосу менен ушу зоболого жеттим» деп ар дайым айтып келет. Пандемияда да жөн отурбады. Өз каражатынын далайын жумшап муктаждарга кол сунду.
… Тепкилей бербей андан көрө мактап иштетип, алдап күчүн алышса болмок. Мен Самара барган жерин гүлгө айлантаарына ишенем. Акылгөй, айкөл, калыс эл шанс берип, колдоп, коштош керек. Кыздары кыйын кыргыздын…
Дайырбек Орунбеков, журналист: Samara Karimova дайым көнүл борборунда жүрөт. Аны көрө албагандар дагы сансыз. Мен жакын тааныган адам катары жакшы билем. Кумурскадай эмгекчил, адамгерчиликтүү кыз. Болбосо айылдан келген жөнөкөй кыз — бүткүл Кыргызстанга таанылып, кадыр күтүп, кошуна Өзбекстанга дагы таасири жетти. Өткөн жылы Москвада дүнгүрөтүп, кыргыздын духун көтөрүп Кремлге концерт берди. Барыбыз сүйүнүп, сыймыктандык. Мындай окуяны эч ким эле кыла албайт. Кино тармагында дагы аралашып, таланттуу актриса катары эмгектенип жүрөт. Өзүнүн жашында көп иш кылды, маданиятка салым кошту. Эмгек сиңиргени үчүн наам алганда дагы артынан сүйлөгөндөр болгон. Жеңил ушак менен оозун чүйрүйтүп ушактап койгондор бар, бирок бардыгы жакшылыктарында Самара Каримованын келип катышып берүүсүн самашат.
Эки-үч күндөн бери анын жумушу боюнча талкуу жүрүүдө. Айланайындар, өсүп жаткан кызга бут тосуп, ичи тардык кылып, көнүлүн чөктүрүп, сөз кылбай эле койбойсуңарбы?! Кайра мотивация берип, шыктандырбайсфңарбы?
Ал, мурда кызматтан мыйзамсыз алынганын соттон аныктап, кайра келиптир. Молодец, ишине ийгилик! Сөз кылышат, ушакташат, бирок алар Самара боло алышпайт. Так что, алдыга жыла бер!
Министр Нуржигит Кадырбеков мырза, ушул кыздын кадырына жетип, колдоп коюшубуз керек. Кыргыз маданиятында көп жанылык жасап жүрөт.
Ага каршы коллективди тукуруп жаткандар — карып калса дагы ордун бергиси келбеген, же бир талант тарбиялап учурбаган бирөө болсо керек. Эски түшүнүгү менен жашаган. Самара жаңычыл, уюштургуч кыз. Сонун эле жетектеп иштей алат.
Майрамбек Осмоналиев, журналист: Ушу Кыргыз чын эле чукуламайдан өйдө чыгалбай калдыкпы деп кетем. Чоң саясатты мындай кой, кичинекей эле, 200 баланы окуткан мектепте эмне деген интрига, эмне деген саясат.? Ушинтип жатсак анан кантип алдыга жылабыз.
Мен жеке пикиримде, Самара Каримованы ырчы катары мыкты деп эсептейм. Ырдын маанисин, сөзүн, обонун жакшы тандап аткарат. Ошол үчүн жакынкы чет өлкөлөр да баалап, ошол жактагы концерттерге катышып же концерт бергенин көрүп жүрөбүз го. Кесипкөй ырчы, мыкты талант деп ойлойм. Балким Самара өз күчүн сынап, абалы анча жакшы эмес мектепти оңдоюн деген ою бардыр, балким ошол жерди көрүп билгени үчүн шартын жакшыртайын дегендир? Эмнеси болсо да бир жолу иштегенге шанс бериш керек эле. Менеджер болуп, мектепти оңдоп кетсе аны, жок ишти такыр жылдыра албаса аны да жамаат байкап турмак да. Жаш, энергиялуу, чыгармачыл адам же нары, же бери кылат эле. Бирок Самара оңдойт! Бул орундун мынча саясатташып кеткенине Самаранын популярдуулугу тоскоол болуп жатат))
Самара менен жеке тааныштык жок. Анын аракетин гана байкаган адам катары жаздым.))
Жылдыз Бекбаева, журналист: Оштогу “Ниязалы” атындагы музыкалык окуу жайда бүгүнкү күндө мышык ыйлай турган ахыбал. Окуу жайга бүгүн менеджерлик жөндөмү бар адам керек. Төбөсү менен жер казып, окуу жайдын көп жылдан бери каралбай калган имаратын оңдоп, материалдык-техникалык потенциалын көтөрүү зарыл.

Бул жерден кандай мыкты таланттар чыккан кезинде. Мен ишенем, Samara Karimova музыкалык бул окуу жайды түштүктө эле эмес Кыргызстан боюнча алдыңкы окуу жайлардын катарына теңей алат. Анткени, Самара жоктон бар кылып, ийгилик жарата алган жаратман кыз. Самара ишиңе ийгилик, мен сага ишенем!!!

Ал эми окуу жайда иштемиш болуп, эч нерсе оңдой албаган, колунан интригадан башка эч нерсе келбеген эски жетекчи ошончо жылдан бери колун куушуруп отура бербей иштебейт беле???

Өкмөт бөлүп берген акчаны алып имаратты ремонттон өткөрө албаган адамдын колунан эмне иш келет???
Оозуна чайнап берсең аш кыла албайт
Зульфия Кожоева, фейсбук колдонуучу: Бүгүн кечке чейин Samara Karimova жөнүндө фейсбуктагы лента толуптур. Мыйзам чегинде алып караганда ошондогу министр Жаманкулов Самаранын жумуштан кеткени боюнча арызын кабыл албай туруп,экинчи адамга приказ чыгарып туура эмес кадам жасаган. Самара КРдин мыйзамдуу гражданини катары бул туура эмес чечимди сот аркылуу тактап, өзүнүн укугун коргоп, кайра ордуна отурганы мыйзам ченемдүү, туура кадам. Эгер арызын жазып кеткенде ушинтип талашка түшсө жарашмак. Юристер мени менен макул болушса керек.
Экинчи маселе, азыр чыр болуп аткан кабинетти ремонттогон да Самара экен. Аны мугалим эжелердин бири айтты, уккандырсынар. Эки күн иштесе да чалдыбары чыгып жаткан кабинетти Нурлан Каримовко ремонттоп таштап кеткени да Самаранын адамгерчилигинен деп билдим.
Үчүнчү, азыр мындай менеджер жетекчилерге ишканалар муктаж болуп турушат. Ош шаарында иштелбей кароосуз калган кинотеатрды кандай сонун кылып реконструкциялап, элге тартуулады. Пандемия учурунда канчалаган элге жолдошу экөө жардам колун созушуп, тикесинен тик туруп элге кызмат отоштү
Төртүнчү, Самара, чыгармачылыгынарга кийлигишем деп аткан жок «шартынарды ондойм, инвестиция тартып музыкалык аспаптарды жанылайм. Жакшыртам, каражатты кутуп отурбайм, иштейм, алдыга жылдырам деп атат. Анын эмнеси жаман, эмнеси силерге жакпай жатат. Илгери музыкалык окуу жайларында система кандай болсо азыр да ошондой туруш керек дегенинер туура эмес. Менеджер келип музыкалык окуу жайын ондоп бергенге мүмкүнчүлүк берииздер. Самаранын кучу да билими да дарамети да окуу жайын жетектегенге жетет. Самара өзү музыканттын кызы. Жан дуйнөсу музыка менен жашайт. Карыны сыйлап, кичүүгө жол көрсөткөнгө кудурети толук жетет.
Урматтуу окуу жайдын жамааты, Самара көчөдөн, башка жактан келген жок, өзүңөрдүн кол алдынарда чоңоюп, эрезеге жеткен кыз. Самаранын атасы сиздердин кесиптешиниздер, асмандан эле тушуп калбады, ушул сиздер менен эле казаныныздарда кайнап чонойгон кадр. Сиздерден суранычым, ушул кыздын шагын сындырбастан мумкунчулук бериңиздер. Иштеп өзүн көрсөтсүн. Колунан келбесе министр Кадырбеков да дайындабаса керек эле.
Нурлан Каримов иним, өз арызын жазып бергени ырас болсо анда чын эле креслону эркекче бошотуп чыгып кеткени оң го.
Абдулла Ташиевич, фейсбук колдонуучу: Самара кыздын ыры жакшы өзү жаманбы койгула уят.
Дилбар Алимова, журналист: Соттон утуп келип жатса Samara Karimovaга бир мүмкүнчүлүк берип көрүшпөйбү, тырыша бербей. Балким чын эле аракет кылып иштеп, оңдоп кетмектир. Филармонияга жетекчи болуп калса өлтүрүшмөк окшойт таза)))

 

Расул Рахманалиев, фейсбук колдонуучу: Бизде болгондо «жеп, артка тартып, каргап, шилеп» алсак керек эле)) Жаштарга орун берилиши керек. Сасыган систем менен иштебей!!! Жаш келсе ишке делет. Самара окуу жайда иштеши керек. Ал жакка барып, эптеп сабак өтүп жүргөн (окутуучу сымалдарды) тазалашы керек. 230 студенти бар окуу жайды кээ бири универ көрүп алышыптыр. Кенедей кыздын шагын сындырган, ажылдаган окутуучулар иштээрин билбегем. Бир шанс берилсе болмок!!! Демек бул жамааттык келишим же уюшулган бир деме.

Samara Karimova байлык үчүн барбады. Оңдоо, түзөө үчүн! Изги тилеги, максаты бар үчүн барды!!! Самарадай болуп алып сүйлөө керек. Фбда олтуруп, оозуңар менен, бармак менен бапылдай бербегиле. 230 студент, 53 окутуучу!!! — кыскартуу керек…. Колдоону билбегенден кийин буттан тартпагыла. Эгер сөзүм жакпаса, бул менин оюм…
Азамат Абсатаров, журналист: Самара карындашыма мүмкүнчүлүк берсеңер катырат. Бул жагы Ташкент, тиги жагы Кремлге жеткен Самара бул жагын да эптейт. Чек арада чоңойгондордо аракет жакшы.
Шайырбек Арапов, продюссер: Түмөнбай Колдошов БМПК сонун кылып оңдоп койду, Samara Karimova деле музыкалык окуу жайды гүлдөтүп коёт, эмне эле каршы болуп жатышат түшүнбөй жатам
Жылдыз Капарова, фейсбук колдонуучу: Мен Samara Karimova ны колдойм!
Ниязалы атындагы окуу жайдын жамааты бул ирет сиздер уялыңыздар!
Ортодогу 2 жылда Каримова кандай иштерди жасады да, сиздер эмне кылдыңыздар?
Урматтуу классикалык жамаат, «Каримова көчөдөн келген ырчы» — дегениңерге жол болсун!
Каримова КРнын эмгек сиңирген ырчысы!
Кыргыз маданиятына, киносуна, театрына, шоу бизнесине айтоор буту жеткен жердин баарына өз салымын кошуп келе жатат.
Негизи ошол жерде окуп жаткан студенттер үчүн, классикалык жамааттын билими анан Самара Каримованын менеджерлиги керек!
Экөө айкалышса аябай эле соонун болмок! Ошондуктан ымалага келиңиздер!
Роза Акматжан кызы, фейсбук колдонуучу: Мен бул окуу жай жөнүндө билбейт экем) бирок коллектив адис эмес деп жатыптыр, а 30 жыл накта адис башкарып отурганда кандай өзгөрүү болду экен? Ошонусу кызык болуп жатат?