Чет өлкөдө билим алып, ошол өлкөнүн агартуу тармагында иштеген айымдар сейрек кездешет. Бүгүнкү каарманыбыз Айканыш Эшназарова Түркияда турат. Анкара университетинин докторанты. Алдыӊкы жылдары Кыргызстандын билим берүү жаатына өз салым кошом деген изги тилеги бар. Айканыш айым ал жактагы жашоо сүртүмүн, миграциядагы мекендештерибиздин оош-кыйышын, ийгилиги жана алдыдагы максаты тууралуу ой бөлүштү. 

Айканыш Эшназарова Талас обласына караштуу Кара-Буура районунун Аманбаев айылынан болот. Учурда Туркияда турат. Көп жылдан бери Анкара университетинде билим алып, учурда докторлук даражасын жактоонун алдында турат.

— Айканыш айым, алгач маегибизди Түркияга барган жылдардан баштасак. Ал жака барып калышыңызга эмне түрткү болду эле?

2008-жылы 11-чи классты аяктагандан кийин, ЖРТга, Кыргыз-Түрк Манас университетине жана Түркиянын мамлекеттик окуу жайларынын сынагына тапшырдым. Жыйынтыгында баарынан жогорку балл алдым. Менин тандоом Анкара шаарындагы Гази университетти болду. Бул окуу жайды дагы тандаганым бекеринен эмес эле. Түркиянын билим берүү жаатында сапаттуу билим менен камсыздалып, Гази университетинин (1926-жылы ачылган) билим берүү боюнча Түркиянын алдыңкы 10 университетинин ичинде орун алгандыгы болду. Студенттерге бардык шарт менен камсыздалгандыктан тандоомо себеп болду. Ошол эле учурда бюджеттик негизде окууга кабыл алындым. Стипендия, жатакана, жалпы медициналык камсыздандыруу менен камсыз болуу мен үчүн чоң жетишкендик жана мүмкүнчүлүк эле.

— Биздин мекендештердин көптүгү жагынан Түркия экинчи оорунда турат эмеспи. Ал жактагы мигранттарыбыздын жашоо шартын жакындан билип, сезип, көптү көрдүңүз дегендей. Сизге ал жак эмнеси менен таасир калтырды?

Миграциянын кайсы түрү болбосун, миграция процесси өзүнө таандык түрдүү эреже жана кыйынчылыктар менен коштолот экен. Жаш болуп туруп бөтөн жер, бөтөн элде миграциянын талаптарына жана Кыргызстанда калган жакын инсандарга болгон сагынычка туруштук берүү оңой болгон жок. Түркиянын тарыхы, маданиятты, бардык жаштагы инсандардын билимге олуттуу мамиле жасагандыгы, эмгекчил, ысырапкорчулукту жактырбаган жана жаратман эл болушу мага чоң таасир калтырды.

— Түркияга иштеген мекендештер менен биргеликте кандай иштерди жасап келесиздер?

Мен бул жака билим алуу үчүн келгендиктен, аталган окуу жайда бакалавр окуумду ийгиликтүү аяктадым, андан кийин магистратураны окуп бүтүрдүм. Эми доктордук даражасын алуу үчүн окуп жана эмгектенип жатам. Чет мамлекетте жүрсөң дагы жүрөгүң Кыргызстан деп согот эмеспи. Бул жакта дагы кыргыздын каада-салтын, маданиятын таанытууда студенттер менен биргеликте уюштуруучулук иштерин көп жасадым. Кандай гана иш-чараларды уюштурбайлы адам аракет, мээнет кылса ал бааланбай койбойт экен. Эмгегимди баалашып бир катар университет, Анкара шаарынын мэриясы жана мамлекеттик мекемелерден ыраазычылык баракчаларын алганга жетиштим. Түркиянын 35 шаарын жумуш сапары менен барууга жана бир катар чет өлкөлөрдү кыдырууга мүмкүнчүлүк болду. Бул дагы кайсы бир деңгээлде жетишкендик болду деп ойлойм.

— Пандемиянын таасиринин биз эле эмес, чет жерде иштеп, окуган мекендештерибизге оор эле болду. Анын ичинен Түркияда эмгектенген журтташтарыбыз кантишти?

— Дүйнө жүзүндө болуп жаткан пандемия Түркиядагы мекендештерге оӊ жана терс таасирин тийгизбей койгон жок. Менин байкашымча өзгөчө студенттерге терс таасирин тийгизди. Анткени стипендия менен окуган студенттердин саны жыл сайын азайууда жана материалдык жактан камсыздап туруучу окуутучу, ата-энелер да аз. Студенттердин көпчүлүгү окуп, иштешет. Иштеген жерлеринин баары жабылгандыгына байланыштуу жашап жаткан үйлөрүн, жатаканаларын жаап, Кыргызстанга кетүүгө туура келди. Онлайн аралыктан окуп, ата-энелеринин жанында убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгү оң таасир деп койсом болот. Ал эми иштеген мекендештерибиздин арасында эң көбү үй кызматында иштеген мекендештерибиз болгондуктан, аларга финансылык жактан оорчулук жаралган жок. Алар оор жумуштарда эмгектенишет. Көпчүлүк айымдардан сурамжылоо жүргүзгөнүмдө үй-бүлөсү аялдардын жумушу жеӊил желпи катары сыпттагандыктан ушул жака жиберишкен. Бирок пандемия кандай абалда болбосун бардык инсандарга психологиялык жактан абдан чоң таасирин тийгизди.

— Чет мамлекетте окуган илимпоз айым катары Кыргызстанда мейли билим берүү жаатында болобу, жеке инчан катары кандай салым кошкуңуз келет?

— Жаран чет өлкөдө жүргөндө келген өлкөсүнүн өкүлү болуп кабыл алынат. Ар бир кыймыл, аракет ошол келген өлкөнү жалпысынан мүнөздөп турчудай эсептелет. Кыргызстан же кыргызстандык жаран десе эле экономикалык себептерге байланыштуу башка өлкөнүн жумушчу муктаждыктарын камсыздоочу өлкөнүн жарандар катары кабыл алышат. Бир жагынан алганда туура. Аны жокко чыгара албайбыз. Мен бул көз карашты аз да болсо өзгөрткүм келет. Билимге маани берип, билим жолунда жүрүп, илим жасап жүргөн кыргызстандык жарандардын көп экенин көрсөткүм келет. Алардын эмгектерин иш жүзүндө чет өлкөлүктөргө тааныштыруу башкы максаттарымдын бири.

– Алдыда дагы кандай максаттарыңыз бар? Окууну ийгиликтүү аяктап, Кыргызстанга кайтып, иштейин деген пландарыңыз барбы?

-Алдыдагы 2-3 жыл ичинде, учурда окуп жаткан докторантуранын бардык экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, доктордук диссертациямды жактап алсам, ошол эле учурда жазып жаткан бир канча илимий макала жана китеп бөлүмдөрүн сапаттуу жана ийгиликтүү жазып бүтүрсөм деген максаттарым бар. Ал эми жалпысынан айтканда Кыргызстанга кайтып, жаштарга алган билимимди үйрөтүп, туура багыттап, билимдүү жаштардын көбөйүшүнө түрткү болсом, пайдалуу жана сапаттуу илимий иштерди чыгарсам деген тилегим бар. Кыргызстан билим менен гана өнүкпөсө башка өнүгүү жолу жок, ошого салым кошсом деп көптөн бери тилеп келем.

Маегибизди жыйынтыктап жатып, сизге эркин микрофон…   

— Учурдан пайдаланып, өзгөчө ата-энелерге  кайрыла кетейин. Билим бир эле кыздарга же эркектерге керек деп бир уулун же кызын жогорку окуу жайга окутуп, башка уулдарын окутпай койбостон баарына текши билим берүүсүнө шарт түзүп берүү керек. Балдарынын келечеги үчүн билимге инвестиция жасап, керексиз чыгымдардан жана ысырапкорчулуктан баш тартышса. Ошол эле учурда жаштарга айтаарым жашап жаткан жана келечектеги доор жалаң гана билим жана илим доору болгондуктан аны азыртан түшүнүп, ошого жараша максат коюшса. Анткени билимдүү адам эч убакта жерде калбайт.

Маектешкен: Кубанычбек Маматали уулу