Кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу, жазма акын Молдо Нияздын 2023-жылы 200 жылдык мааракесин утурлай «Арадан эки кылым өтсө дагы, Көөнөрбөйт Молдо Нияз мурастары» аттуу иш-чарасы өттү.
Иш-чарага Бишкек, Ош, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарларынан акындын чыгармачылыгына илим изилдөөчү илимпоздор, окумуштуулар, аалымдар жана тарыхчылардын катышуусунда болуп өттү. Молдо Нияздын басып өткөн өмүр жолун, жасаган жумуштарын, калтырган мурастары тууралуу терең талкуу болуп, орошон ойлорун ортого салышты.
Биз менен тыгыз байланышып изилдеген илимий окумуштууларга, тарыхчыларга, облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрациясынын башчыларына, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана көмөктөшкөн жарандарга ыраазычылык каттары тапшырылды.
Алдыда боло турган иш-чараларды өткөрүү үчүн план түзүп резолюция кабыл алынды.
Булак: Молдо Нияз мурастары коомдук фонду