Биринчи Май райондук соту криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кароону улантууда. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.
Жактоочунун айтымында жактоочулар тобу  экс-президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч менен кайрылышууда.
13-январда сот отуруму болбой калган. Сот отурумунда мурдагы президенттин ден-соолугунун начарлап кеткендиги боюнча медициналык корутунду берилди.
30-ноябрда Жогорку Сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча иштин мурунку инстанцияларынын өкүмдөрүн жокко чыгарып, аны Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун кароосуна жөнөттү.