Garlic on a old white wooden background
Ачуу даамы, жагымсыз жыты жана сасык тумоого каршы каражат катары белгилүү бир азык бар. Эмне тууралуу сөз болуп жатканын баамдаганыңыз менен, анын жаштыкты сактап калуучу касиетке ээ экенин билбесеңиз керек. Анда сөз сыйкырдуу сарымсак тууралуу болсун.
САРЫМСАКТЫН КУРАМЫ Суу, май, углеводдор, кант, С, РР, B1, B2 витаминдери, кальций, темир, магний, фосфор, калий, натрий, цинк, марганец, селен, германий.
ПАЙДАСЫ Медицинада тастыкталгандай, микробдорго каршы мыкты каражат. Кан басымды жөнгө салып, жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактайт. Канды тазалап, иммунитетти жогорулатат. Сасык тумоо, жөтөлгө миңдин бири. Элдик медицинада безеткиден арылтып, аллергия, муун ооруларын, рактын алдын алууга, уйкусуздукка жана сөөлгө каршы көмөк көрсөтөрү айтылат.

Garlic on a old white wooden background
ЗЫЯНЫ Ашказан жарасы барларга жана 4 жашка чейинки балдарга сунушталбайт. Анткени алардын ашказанынын былжырлуу чел кабыгы алсыз болгондуктан, сарымсактын кычкыл ширесине эзилип кетүү коркунучу бар.
ӨЗӨГҮ Жетиле элек кезинде сарымсак өзөк коё берет. Өзөктүн пайдалуулугу сарымсактыкынан аз эмес. Аны салаттарга, тамактарга кошуп колдонуу сунушталат.
ЖЫТЫ Сарымсакка тиешелүү жытты андагы эфир майы жана аллицин заты камсыздап турат. Аллицин табигый антибиотик (микробдорго каршы каражат) болуп эсептелгендиктен, бул өсүмдүктүн жыты да пайдалуу.
ШИРЕСИ Бирдей өлчөмдөгү сарымсак менен лимондун ширесин аралаштырып 1 күн тыныктырыңыз. Андан кийин күнүнө 1 чай кашык бул аралашманы 1 стакан сууга кошуп ичип жүрүү керек. Бул ден соолугуңузду бекемдеп, жаштыгыңызды узартат.
ӨСТҮРҮҮ Сарымсак кумдуу, чополуу, нымдуу топуракта жакшы өсөт. 4-5 жылда бир тишчесинен эмес, уругунан көбөйтүү керек. Бул өсүмдүктүн сапатын жогорулатат. Казып алууга 2-3 апта калганда сугарууну токтотуу зарыл.
ТАМАККА КОШУУДА Сарымсак жогорку температурада баалуулугун жоготуп коёт. Тамакка кошкондо чала бышкан же чийки бойдон калганы оң. Туурагандан кийин 15 мүнөт коё туруп анан жесеңиз, анын антибиотик катары таасири жогорулайт.
ООЗУҢУЗ САРЫМСАК ЖЫТТАНЫП ЖАТСА Жалбыз же лимон кошулган чай ичиңиз. Петрушка, кинзаны чайнап коюу керек. Жалбыз кошулган сагызды пайдаланууга болот. Горчица жеп коюу сунушталат.
КЫЗЫКТУУ Сарымсактын курамында 20 пайызга жакын кант бар болгондуктан, ал таттуу өсүмдүктөрдүн катарын толуктайт. Кара сарымсак. Бул атайын иштетүү жолу менен ачуу даамынан, жытынан арылтылып, ошол эле учурда бардык баалуулугун сактап калган сарымсак. Мындай сарымсак кара жана таттуу болуп калат.Жогоруда САРЫМСАК жөнүндө жалпы маалымат жазылып кетти. Форевер Ливинг Продакс Алоэ Вера компаниясында сарымсак бар 1 капсуласы бир баш сарымсакка барабар. Ал төмөнкү ооруларга жардам берет:
— ичтеги паразиттерди тазалайт;
— кан басымын томондотот;
— сосуддарды тазалайт;
— гриппке, бронхитке, астмага, каршы жардам берет;
— журок кан тамыр ооруларына жардам берет;
— кан аздуулукка;
— кок жөтөлгө;
— бел ооруганга;
Интернеттен алынды.