Үй-бүлө куруу үчүн бири-бирин жактыруу жетиштүү. Ал эми аны сактап калуу үчүн чоң сабыр талап кылынат.
Унутканды унут, кол шилтегенге кол шилте. Бирок, эч качан төмөн адамга теңелип төмөн түшпө!
Жүрөгү сулуу адамдар гана өзгөлөрдөн сулуулукту көрө алат.
Сабыр кыйынчылыкта, акыл талаш-тартышта, ал эми инсан оор кырдаалда билинет.
Адамды убагында баалай бил! Болбосо эстеликтерди баалай турган болосуң.
Кээде инсан алсыздыгынан эмес, өтө эле чыдамкайлыгы себептүү да ыйлайт.
Башкалардын жашоосунда бакытты жаза турган калем боло албасаң, жок дегенде кайгысын кетире турган өчүргүч бол!
Адамдар биздин жакшылыктарыбызды тез унутат. Бирок, кетирген кемчиликтерибизди эсинде өмүр бою сактайт.
Акмак аял бир гана өзүнө карайт. Эстүү аял күйөөсүн карайт. Ал эми акылдуу аял өзүнө да, күйөөсүнө да көңүл бөлөт.
Ибн Синадан: «Дүйнөдө дабасы жок оору барбы?» — деп сураганда:
«Жакшынын жаманга муктаж болуусу — айыккыс дарт» — деп жооп берген экен.
Алла эч кимди өзүнөн башкага муктаж кылбасын! Амиин!!!
Каттабек ШАМШИЕВ