Жоголгон Ай (аңгеме)

805
Капчыгайды тең бөлүп аккан көк кашка тоо дайрасы чоң арыктын суусундай чакан болгону менен агымы өктөм. Тим эле алдырган асылзатын издеп алда кайда күйүп-бышып бараткан доочудай албуут, жер солкулдата сойлоп бараткан ажыдаардай окторулуп сүрдүү.
– Бирөө келатабы? – дедиң ак жуумал жүзүң ай жарыгына кылая элеңдеп.
– Ким болмок эле, суунун шары…
– Ии – деп койдуң ичтен тына улутунуп. Айдын нуру алтын теңгедей жылтылдап агым менен кошо агып жатты.
– Нурканым, мен сени алып кетейин.
– Каякка?
– Апама келин кылып – «Аялдыкка алып кетейин» деген сөз тилимдин учуна келсе да, айтканга даай албадым. Кол жеткистей туюлган асылзатым, сен бул сөздөн алда канча бийик, алда канча ыйыктай сезилдиң.
– Апаңыз мени келин кылбасын билесиз да. Жигит киши жөн эле сөзгө байланганда эмне. Мен боору бүтүн, баштуу үй-бүлөгө тең эмесмин.
– Нурканым, ал эмне дегениң? Кандай тең эмессиң? Апама айтам, көрөсүн го, ал көнөт. Мен чоңоюп калдым, апам кимди келин кылып, кимди келин кылбасын чечкенге алым жетет – дедим куру намыска алдыра алсыз көкүрөк кагып. Бирок, тээ дил тереңинде апам көнө койбосун сезип сынып да турдум. Сен муңдуу жылмайдың.
– Убара болбоң, өзүңүз эле сынып каласыз, апам…
Нурканым тамагына бирдеме туруп калгандай кебинин акырын жута кардыкты.
– Мен эмне апаң менен жашамак белем… – Чынында бул сөзүм сенин чарасыз армандуу кебетең аргамды курутуп жибергендеги жан далбасым, ички кыйкырыгым болчу…
– Анан эмне апамды үйдөн чыгарбай байлап кой дейсизби? Жаш баланын кебин айтасыз да, Бегаалы аке. Апам тойдо отуруш керекпи, керек, балалуу болсок бешик алып барыш керекпи, керек – Нурканым «балалуу болсок» деген сөздү ушундай бир башкача жылуу илеп, ошол эле учурда кол жеткис тилегин айтып жаткандай армандуу ыргак менен айтты. Ичимден кан өтүп кеткендей ысып чыкты.
– Нурканым, сен макулсуңбу? Сен макулмун дечи, калганын мага кой. – Бул жолу сенден айрылуудан көрө, апамды кандай болбосун көндүрүүнү, айла калбаганда сени жетелеп баш ооган жакка кетүүнү артык көрдүм. «Көнбөсө, асылымды колдон алам да, бет келди тентип кетем». Ушул ойго бел байлай шерденип алдым.
– Оор милдетти мойнуңузга албаганыңыз оң. Мен эмне, мен куруюн, кем таалай экем. – Карегиңе келе калган мөлтүр тамчыны кичинекей колдоруң менен сүртө шуу үшкүрдүң. Колдоруңду коомай кармадым. Кара жумуштан колдорун катып, шуудурап кургап, чарт-чарт тилинип туурулуп кетиптир. Ушул кичинекей колдор кимдин гана тиричилигин кылбады, жалтаң караган карагат каректериң канча жолу уу сөз, ачуу тилден жашка чайылып, кирпигиң сууланды. Эсимде, бир тутам ичке белиң сынып кетчүдөй кайыша ийилип, желкеңдеги кош чака илинген бакандар салаңдаган эки буттай назик ийиндериңди майыштыра артылып минип суу ташып жүргөнүңдү көргөн сайын ичим сыйрылчу, бирок жардам бергенге кудуретим жетчү эмес. Ал тургай балдар башыңа кыктын майдасын чачып качып, кыздар чачыңды тартып, саныңдан чымчылап келекелеп жатканын көрүп туруп да болуша алчу эмесмин. Абдан ичим сыйрылып, карап турганга ичим түтпөй өзөгүм өрттөнө басып кетчүмүн. Ичимдеги бир күч сага жакын барууга тыюу салып кармап турчу. Бул эмне экенин анда аңдай алчу эмесмин, көрсө намыстанчу экем. Бир жолу тегирменге баратсам сен да ийиниңе кап артып, чакага буудай көтөрүп алган кичинекей иниң этегиңден кармап алып экөөң ээрчишип бара жатыпсыңар. Каптын оорлугунан чайпала, кадамдарыңды тез-тез, кыска-кыска шилтейсиң. Көтөрүшкөнгө ичимдеги бир тыюу жол бербей, бирок кантип кайышканыңды, эриндериңди тиштей жаның кыйналганын карап да тура албай тез бастырып өтүп кеттим. Бурулушка жете бергенде, оболу иниң ачуу, кыска чаңырды да, анан сенин басыңкы, «тийбең балага! Коё бериң, кап жыртылат» деген үнүң угулду. Эрктен тыш тык токтодум.
– Кабыңды урганым барбы. Алтүндө барам чыгасыңбы? – деди аржай корулдаган үн.
– Коё бериң дейм – дедиң сен ыйламсырай. Кантип жетип барганымды билбейм. Касым алкаштын уулу Арсен тебелтип кетчүдөй атка омуроолотуп, каптын бурчун мычкый кармап, кап менен кошо сени дегдетип жатат. Сенин ошондогу жонуңдагы жандуудай туйлаган кап менен кошо сенделип, ат менен кошо тегеренип, бозала чаң болгон иниң этегиңе ороло чырылдап, жерде бая иниң көтөрүп келаткан буудай чачылып жатканы азыр да көз алдымда. Кантип жетип барып Арсенди камчы менен төбө талаштыра тартып жибергенимди билбей калдым. Арсен капты коё берип, саамга эмне болуп кеткенин түшүнбөй, кан жая берген чекесин басып селдейе түштү. Сен болсо дале капка жармашып, анан каптын күүсү менен жыгылып кеттиң. Жыгылып баратып да «инимди басып калбасам экен» дегендей абайлай этегиңе оролгон ининди аёоолоп кача берээрде жыртык кепичиң ташка тайгалана чалкаңан кеттиң. Иниң чырылдап үстүңө түшө калды.
– Эже, туруң, кеттик – Балапандай чыйпылдаган иниң канатын калкалай сени тургузууга далбастап, сен болсо бир колуң менен иниңди кучактай, бир колуң менен дагы капка асылдың. Кап куду сени башкарып алгандай, каптан айрылсаң эле бирдеме болуп кетчүдөй капка жармаштын ошондо. Ушунун баары бир ирмемде болуп өттү. Эсине келе түшкөн Арсен мага атырылды.
– Энеңди, кыпчак. Жиндилер сага жакын болуп калдыбы?
– Эркексиңби өзүңө тең келип, сага алы жеткен күчтүүгө асыл. Жетимдерди не кордойсуң? – Ушул сөздү айтаарын айтып алып, сага «жетим деген сөз катуу тийди го» деген ойдо сени жалт карадым. Жамгырдан кийинки карагаттай жаш чайыган каректериң менен ушундай бир армандуу да, ыраазы боло да карап турупсуң.
– Жетим демиш болуп кууланбай эле кой. Жиндинин кызына кызыксаң ачык эле айт, көрүнгөндүн эшигин сагалаган тентимиш канчык баарыбызга жетет. – деди табалай. Арсендин артында, ага бетмаңдай турган сенин жүзүңдү манаттай кызыл ыраң чайып, анын күржүйгөн далысын тешип кетчүдөй заар көз менен жек көрө, бирок алсыз бир карадың да капты кыйраңдай көтөрүп шарт бурула басып кеттиң. Ошондо ыйык көргөн нерсеме сөз тийгендей ичиркене Арсенди жакадан алдым.
– Экинчи Нурканымдын жанынан көрсөм Жумабай акеме айтып бычтырып коём – дедим тумшугуна тумшук такай энтигип. Ооздук чайнаган аттар да тиреше энтигип турду.
Жумабай акем балбандыгы, оттон-суудан тартпаган өжөрлүгү, чаар баш чырлыгы менен биздин эле өрөөн тургай, тиги Кызыл-Шородогу Төөлөстөргө, Көк-Белдеги Байыштарга чейин дайын болгон жигит. Анын кара кылды как жарган, ак сүйлөгөн калыстыгы, акылдуулугу, ичип алса да бирөөгө бейчеки асылбаган адилеттиги үчүн баары сыйлачу. Арсен дароо кыйпычыктай жойпуланды.
– Куп дедик, үка, куп дедик.
Ошол ошо болду айылдын баары мени сага жармаштырышты да калды. Ал тургай бир жолу апам;
– Сен эмне тиги Майраш жиндинин кызына көңүлдөнүп жүрөсүңбү? Суйкайган өңүнө кызыкпа балам, жиндилик тукум кууйт. – деди өтө маанилүү ишти эскертип жаткандай олуттуу.
– Нурканым жинди эмес, – дедим да, андан ашык каршылык көрсөткөнгө, сенин таламыңды талашканга эрким жетпей чыга качтым. Ошондогу бетимдин дуулдаганы ай! Бирок, ошондон кийин эч ким сага тийише албай калды. Ошондон көп өтпөй Жумабай акем экөөбүз улакта кездешип калдык. Ал мени четке чакырганда «Бул да сөгөт го» деп чочулай атымдын оозун жыя кармап, арсар бастырып бардым.
– Ассолоому алейкум – деди ал жайдары. Улуу адамдан мурун салам айтпаганыма уялып, шаша кол сундум. – Кандай үкам?
– Жакшы –дедим жер тиктей.
– Не жер карайсың? Азаматсың! Нурканым сулууга бирөө тийишсе мага айт. Сен катын ушакка кулак салба үка, биз эркекпиз. Андан көрө мобу жерди ук, зарделүү бол, биз деген кан тукумубуз – деди көкүрөгүмө камчысын ныгыра сайып, көзүмө тик карап. Унчукпай баш ийкедим.
Азыр да Жумабай акемди бел тутуп турдум. Аңгыча ит улугандай жагымсыз кыйкырык угулду. Сен селт эте тура калып, шаша жөнөй берээрде колдон алдым.
– Нүкү, мен апамды жиберем, макулбу?
– Мен барайын, апам чыгып алган тура… – Сен этегиңе от жармашкандай аптыга, сөзүмө жооп кайтарбай колуңду сууруп алып алдастай чуркадың. Чуркап баратып бир токтоп, бирдеме айтчудай кыйыла бергенде жанагы жапайы үн кайра кайталанып, эрбеңдеген карааның дал сенин турмушуңдай кооптуу караңгылыкка сиңип кетти. Ошол бойдон мен сени кайра көргөн жокмун Нурканым! Ошол түнү боюн сууга таштаган апаңды алып чыгам деп кошо агып кетипсиң, асылзатым! Ошондо сен сүйгөн кызгалдак гүлдөгөн, биз бойлогон албуут Көккашка суу күкүктөп кирген көктөм эле.
Анан да ошол түнү Ай тутулду. Көрсө, жердеги ай жоголгон экен.
Жоголгон айым, мен сени дагы эле унуткан жокмун. Табылчудай суу бойлой бир кыш, бир жаз, бир жай издедим. Апаңды табышты, сени таба алган жокпуз, менин жоголгон айым…
Эл издебей калганда да мен издедим, дагы эле издеп жүрөм. Жок дегенде жоолугуң, же бир пай бут кийимиң табылсачы…
Айжаркын Эргешова, акын, журналист