Бишкекте Пакистандын жаранын карактап, 40 миң доллар акчасын алып кетти деп шектелген үч тажикстандык кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, карактоо тууралуу маалымат түшкөндөн кийин 13-январда саат 22:00дө «Сосновка» стационардык постунда «Перехват» планы жарыяланып, күмүш түстөгү Mercedes-Benz автоунаасы издөөгө алынган.

«Постто турган инспекторлор шектүү машинаны токтотуп жүргүнчүлөр менен айдоочунун документин текшеришкен. Ошол маалда айдоочунун катуу тынчсызданганы байкалган. Ичинде отургандар да качып кетүүгө аракет кыла башташкан. Мындан шек санаган инспекторлор аларды кармап, Жайыл райондук милициянын тергөө-ыкчам тобун чакырган. Милиционерлер келгенден кийин шектүүлөрдүн жанынан доллар эквивалентиндеги көп суммадагы акча чыккан. Ал эми каражатты кайдан алганын айтып бере алышкан эмес», — деп жазылат маалыматта.

Натыйжада Тажикстандын үч жараны кармалып, андан ары териштирүү жүргүзүү үчүн Октябрь райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.