Ысык-Көл облусунун тургундарын мал уурулукту болтурбоо жана анын алдын алуу боюнча кеӊири малымдоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан масштабдуу эскертүү иштери колго алынууда. Балыкчы жана Каракол шаарларында, ошондой эле Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл райондорунда милициянын көчмө кабылдамалары менен милиция кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте ар бир калктуу пунктарда болушуп, мал ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Талдоо көрсөткөндөй, кылмыштын ушул түрүнүн орун алышына негизги себеп болуп, мал ээлеринин жандыктарына тийиштүү көзөмөл жүргүзбөстүгү. Көп учурларда малдар жайыттарда кароосуз калууда, мал сарайлары тийиштүү деӊгээлде жабдылбайт. Мындай кенебестиктин бардыгы мал уурулука алып келет.
Алып айтсак, өткөн 2020-жылда облустун ички иштер бөлүмдөрүнүн сотко чейинки өндүрүшүндө 120 иш болуп, анын 76 иштин бети ачылды. Жайыттардан 48 жолу мал уурдалса, мал сарайдан 57 учуру катталган. Мал уурулуктун кесепетинен мал ээлерине 6 млн. 610 миӊ сом түзсө, көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында 5 млн. 221 миӊ сомду түзгөн мал кайтарылып берилген.
Жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин өткөрүү мезгилинде, милиция кызматкерлери мал ээлерине жандыктарына өзгөчө көнүл буруу керек экендигин эскертип кетишти. Себеби, учурда айыл жергесинде мал чарбачылыгын өнүктүрүү менен ар бир жаран эртеӊки келечегинин ишенимдүү кепилдигин бекемдей алат.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы