Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалды. Бүгүн, 15-январда эмгек жамаатка жаңы жетекчи тааныштырылды.

«Бүгүн Бишкектен министрликтин статс-катчысы атайын келип окуу жайдын жамааты менен тааныштыруу болду. Ага Ош шаардык мэриясынын өкүлү, вице-мэр дагы катышты. Мен эч кандай мыйзамды бузган жокмун, баары мыйзамдуу болду. Кудай буюрса, окуу жайды өнүктүргөнгө, Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты училищелердин катарына кошконго колумдан келишинче аракет кылам», — деди ал.

Ырчы мындан 3 жыл мурда бул окуу жайга директор болуп дайындалып, 3 күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буйрук негизсиз деп арыз жаздыртпай, билдирме бербей эле кызматтан алып койгон. Мындан улам Самара айым аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылганын билдирген.

Булак: Супер.кж