Жыл сайын мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя алган жарандардын катары көбөйүүдө.
2019-жыл ичинде облуста мамлекеттен 547 ишкер 193млн 353 миң сом насыя алган болсо, 2020-жылда бул көрсөткүч эки эсеге өскөн.
2020-жыл ичинде, жалпы облус боюнча Айыл банкы жана РСК банкы тарабынан 914 ишкер, мамлекетен 432млн 50миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.
6%-10%дан берилген насыялар, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субьектерин каржылоого берилди. Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен 41 млн 192миң сомго, лизингге техникаларды алышкан.
Багбанчылык үчүн 103 ишкер, 43млн 275мин сом, мал чарбасы үчүн 772 ишкер 310 млн 25мин сом насыя алышкан.
Ошондой эле 10 ишкер, 18млн 500миң сом кайра иштетүү багытында насыя алышып, чакан ишкердиктерин башташкан.
Белгилей кетүүчү нерсе, мамлекет тарабынан айыл чарбасын колдоо максатында, жарандарга жеңилдетилген насыяларды берүү үбоюнча КР Өкмөтү тарабынан 2021-жыл үчүн каржылоо башталганга чейин, жеңилдетилген насыя алууну каалагандар, азыртан аталган банкттарга барып, адистерден кеңеш алуу менен, кезеке турса болот.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы