Бир киши акылманга келип “Мен жаш, сулуу кызды сүйүп калдым. Аялымды кантип таштаарымды билбей жатам?!” деп кеңеш сурайт.
— Аялыңды сүйүп калган кездеги сүрөтүн көрсөтчү? – деп сурайт акылман.
Киши көрсөтөт. Сүрөттө тал чыбыктай ийилген сулуу кыз карап турган болот.
— Кызык, ушундай сулуу кыздан да сулуу кыз таптыңбы? – деп таң калат акылман.
— Жок, албетте, жок. Ал кезде аялым чындап эле аябай сулуу болчу. Бирок азыр… Азыр мурункудай болбой калбадыбы? – деп мукактанат киши.
— Аялыңдын сулуулугун кайтаргың келеби?… Жаш кезин кайтарып берсем, аялыңды таштабайсыңбы? – деп сурайт акылман.
— Андай болсо, сонун болбойт беле?! Албетте, таштабайт болчумун! – деп жооп берет киши.
— Мен сага жардам берейин, бирок акысы аябагандай кымбат болот. Канча балаң бар?
— Эки.
— Аялың өзүнүн бир бөлүгүн балдарына арнап сулуулугунан ажыраган. Балдарыңды алып келсең, аларды так ортосунан бөлүп туруп, аялыңа сулуулугун кайтарып берейин.
— Жок ай! Кайдагыны айтпаңызчы?! – деп кыйкырып жиберет киши.
— Анда эмне кыл дейсиң?! – деп таң калат акылман.
— Балдарым менин бир бөлүгүм да… Аларга канча күч-кубатым жана ден соолугум кетти… Аларды кантип курмандыкка…
— …Аа, демек, сен да өзүңдү балдарыңа арнап, сен да жаштыгыңды жоготкон экенсиң да?! — деп тиги кишинин сөзүн бөлөт акылман.
— Түшүндүм, түшүндүм… Аялым экөөбүз тең балдарыбызга өзүбүздүн бир бөлүгүбүздү берген экенбиз да… Туура айтасыз… Жаш кезибиздеги сулуулугубузду жана күч-кубатыбызды кайтара албайт экенбиз да… – деп шылкыят киши.
— Бирок мени аялымдан түртүп турган дагы бир нерсе бар, — деп кайра обдулат киши, – аялымдын кулк-мүнөзү өзгөрүп кетти! Биз бири-бирибизди сүйгөн кезде, ал аябагандай назик, жароокер, жаркылдаган кыз болчу. Азыр болсо, эч нерсени жактырбайт, кабагы такыр ачылбайт, урушкусу эле келип турат.
— Күзгүң барбы? – деп сурайт акылман.
— Жок.
— Сенин аялың – сенин күзгүң! Аялыңдын көңүлүн алып, жылуу сөзүңдү аябай, сыйлап, урматтап, барктай алдыңбы? Кемсинтип, жүрөгүн ооруткан жоксуңбу?… Өзүң кандай болсоң, аялың так ошондой болот, — деп жыйынтыктайт акылман.
Интернет булактарынан алынды.