2021-жылдын 15-январында Исфана шаарындагы “Ак Бата” кафесинде районубуздагы жергиликтүү айымдардын ишкердик, экономикалык, саясий лидерлик жөндөмдөрүн арттыруу жана өнүгүүсүнө «Өз ара жардамдашуу мезгили» аттуу конференция болуп өттү. Окутуу-тренингин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Максатай Каримбердиева ачты.
Конференцияга КРнын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова катышып, жыйын “Керемет жашоонун жана ийгиликтин сырлары” тууралуу пикир, тажрыйба алмашуу түрүндө өткөрүлдү.
Ошондой эле иш-чарада «Инсан Лейлек» коомдук фондунун «Өз бизнесиңди түптө» жана «Мырзалардын кесибин аркалаган айымдар» тууралуу долбоорунун алкагында мастер класстар көрсөтүлүп, айымдар өздөрү кызыккан суроолорго жоопторду алышты.
Иш-чарага 200 гө жакын жергиликтүү жашоочулар катышып, органикалык жер семирткич БИОГУМУС өндүргөн агроном Райхан Салиеванын тажрыйбасы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды.
Булак: Буурайма Худайбердиева, Ата-Журт пресс