Ырчы Самара Каримова Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайына директор катары ишке киришкенин ЖМКга билдирди.

Анын айтымында, өзүнүн директор болуп дайындалышына каршы жамааттын бардыгы эмес, 10-15 киши каршы чыккан, калгандары макул болушкан.

Самара Каримова жаматтын бардык мүчөсү менен тил табышып иштээрин билдирген. Каримова Оштогу музыкалык окуу жайына директор болууну жокко чыгарган маданият министринин буйругун сотко берип, жакында соттон утуп алгандыгы маалым болгон.

Самара Каримова 2018-жылы октябрь айында Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайдын директору болуп дайындалганы маалымдалган.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов 1-ноябрда Самара Каримованы Оштогу Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындаган буйрукту жокко чыгарган.

2018-жылы 24-октябрда Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо боюнча министрдин милдетин аткарган статс-катчынын колу коюлган буйрук чыккан. Андгыа жаңы дайындалган министр Азамат Жаманкулов Каримованы дайындоо боюнча буйрукка статс-катчы Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп жүргөндө кол койгонун аныктаган жана бул буйрук мыйзамсыз болгон.

Жаманкулов буйрукту жокко чыгаруу менен ага кол койгон статс-катчыга сөгүш жарыялоо боюнча премьер-министрге сунуш жөнөткөнү да кабарландган.

Каримова ага чейин“Сулайман тоо” музей-комплексине жетекчи дайындалып, бирок элдин сынынан соң андан баш тарткан.

Булак: Политклиника сайты